Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Талтакта таза суу түтүктөрү жаңыга алмаштырылып, элге бекер көмүр таратылды

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Тѳмѳнкү Чүй айыл аймагынын жашоочуларына жеке демѳѳрчүлѳр тарабынан 163 тонна кѳмүр таратылып берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Тѳмѳнкү Чүй айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Кемпирбек Эрмеков билдирди.

«Төмөнкү Чүй айыл аймагынын Талтак айылындагы таза суу түтүктөрү жаңыга алмаштырылды. Анын кеткен каражатын жеке араб демѳѳрчүлѳр колдоп беришсе, тракторго керектелген күйүүчү май жана кара жумуш иштерин жергиликтүү тургундар колго алышты. Ошондой эле, ушул эле демөөрчүлөр тарабынан 163 тонна кѳмүр жашоочуларга бекер таратылды. Аны менен бирге 50 аялга 1 миң сомдон акчалай жардам берилди», - деди ал.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 926
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×