Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Тажикстандык модель «Аалам сулуусу» наамын жеңип алды (фото)

Turmush -  Тажикстандык модель Анна Муминова «Аалам сулуусу 2017» сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу сынактын расмий сайтына жарыяланды.

Ал эми, москвалык Татьяна Фомичева «Биринчи вице сулуу 2017» наамын жеңсе, Новокузнец шаарынын атынан катышкан Мария Демидова «Экинчи вице суулуу 2017» наамына татыктуу болду.

Сынактын жүрүшүндө катышуучулар өздөрү жөнүндө маалымат берип жана сууда сүзүүчү кийим (купальник) менен дефиле көрсөтүштү. Мындан тышкары, калыстар тарабынан берилген ар түрдүү суроолорго жооп беришти. Жеңүүчү кызга эл аралык «Аалам сулуусу 2018» сынагында калыстардын курамына кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул сынакты 2018-жылы АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөрүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1135
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×