Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

С.Жээнбеков кичи мекенинде жаңы имараттарды ачууга катышты (фото)

Turmush -  Кечээ, 13-ноябрда Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагынын Күйөө-Таш айылындагы оорукананын ачылышы болуп, пайдаланууга берилди. Анын ачылышына президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар катышты. Бул маалыматты Алайкуу айыл өкмөтүнөн да тастыкташты. 

Күйөө-Таш айылындагы аймактык оорукананын жаңы имараты 2 кабаттуу, 20 керебеттүү болуп, мамлекеттик бюджеттен каржыланды. Курулуш иштерине жалпы 38 млн сом жумшалган.

Ошондой эле, кечээ Алайкуу айыл аймагынын Кайын-Талаа айылында сүт цехинин кызыл тасмасы кесилди. Андан кийин С.Жээнбеков Көк-Арт айылындагы Ж.Субанов мектебинин ачылышына да катышкан.

Аталган мектеп 275 орундуу болуп, мамлекет тарабынан 67 млн сомго курулган. Анын мурдагы имараты авариялык абалга жеткен болчу. Учурда мектепте жалпы 480 окуучу билим алууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2359
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×