Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: М.Тайлакова картошкадан башка нерсе өспөгөн айылдагы бала бакчада иштейт (фото)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 41 жаштагы тургуну Минара Тайлакова 15 жылдан бери бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча башталгыч класстардын мугалими. Бала бакчада 14 жыл тарбиячы болуп иштеп, 1 жылдан бери жетекчилик кызматты аркалап жатат.

«Айылыбыз тоолуу аймак болгондуктан абдан суук. Арпа, картошка, чөп гана өсөт. Элет эли мал чарба менен алектенет. Айылда көбүнчө туман болот. Кышта 30 см кар жатат. Бала бакчанын жумушчулары балдардан эртерээк келебиз. Карды тазалатып, балдарды тосуп алабыз. Бала бакчадагы тарбиячылардын айрымдары 3 км алыстан келишет», - деди ал.

Ал буга катар эле бала бакчадагы кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Бизде Шергазы аттуу бала бар эле. Бир нерсе болсо эле Шергазы болчу. Бирөөнү уруп койгон да Шергазы, бирө куласа да Шергазы күнөөлүү эле.

Бир күнү бир баланын ата-энеси «балабызды Шергазы уруп койду» деп келди. Эжелер иликтөө жүргүзүп, сураштырса ал күнү Шергазы келбептир. Баарыбыз абдан күлүп, ошондон кийин «Шергазы кылды» деп келгендерди абдан сураштырып калганбыз. Балдар менен иштешүү абдан кызыктуу. Балдардын жаңы тили чыккан кезин, кылык-мүнөзүн көрүп, өзүңдүн балаңдай эле кубанасың», - деди ал.

Тарбиячы-жетекчи 3 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 251
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×