Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Чүй

Токмокто Жаштар күнүнѳ карата спорттук мелдештер уюштурулду (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 150 жылдыгына жана Жаштар күнүнѳ карата кыздар жана эркектер арасында баскетбол, волейбол, кичи футбол боюнча турнир ѳттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган турнирге «Социалдык фонд», «Биринчи кичи район», «СДЮШОР», «Мэрия», «Алга» жана башка командалар катышты. Оюн кызуу жүрүп, жыйынтыгында татыктуу тайпаларга орундар берилип, белектер тапшырылды.

Эркектер арасында ѳткѳн волейболдо 1-орунду «Токмок-2» тайпасы жеңсе, кыздар арасында 1-орунду «СДЮШОР» тайпасы багындырды. Ал эми, баскетбол боюнча кыздар арасында 1-орунду «Алга» тайпасы жеңсе, кичи футболдон 1-орунду «Биринчи кичи район» тайпасы жеңип алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 110
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×