Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Михайловкада «Алтын күз - 2017» фестивалы өттү (фото)

Turmush -  Түп районунун Михайловка айылында «Алтын күз-2017» фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айылдык маданият үйүнүн директору Майрам Атаканованын демилгеси менен өткөн фестивалда тамак-аш, кол өнөрчүлүктүн түрлөрү көрсөтүлүп, хор, элдик эски ырлар, нукура кыргыз бийлери аткарылып, мыскыл жана тамаша, эстрада чеберчилиги айылдан чыккан өнөрпоздор аркылуу элге тартууланды.

«Фестивалдын максаты — улуттук кийимдердин, түрдүү тамак-аштын даамын, берекесин көрсөтүү, ата мекенди, туулган жерди, ар бир мезгилди сүйүүгө, адамдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө жана маданияттуулукка чакыруу болуп саналат. Биз айылдагы квартал, мектеп, бала бакча арасында эле өткөрөлү деп ойлогонбуз. Бирок Талды-Суу айыл өкмөтүнөн келишкен коноктор күз майрамын биз да өткөрөбүз деп эстафета катары алып кетишти», - деди М.Атаканова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 132
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×