Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Баткендин Суу-Башы айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борбору жок

Turmush -  Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борбору жок.

Суу башы айылындагы аксакалдар кеңешинин төрагасы Тилебалды Эралиевдин айтымында, айыл ичинде үй-бүлөлүк жана күнүмдүк турмуш-тиричиликтин айынан ар кандай чыр-чатактар катталууда. Бирок укук коргоо органдары, аялдар кеңеши, аксакалдар соту үчүн атайын коомдук алдын алуу борборунун жоктугу көйгөй жаратып жатат. Суу-Башы айыл өкмөтүндө жалпысынан 5 миңден ашык адам жашайт.

Ал эми айыл өкмөттүн аялдар кеңешинин төрайымы Бурмагүл Топчубаева жыл башынан бери жер боюнча 1 миңден ашык адам арыз менен кайрылганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 123
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×