Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Фото — Баткендеги унаа кырсыктан 3 адам каза болуп, 8 адам оор жаракат алды (ысымдары)

Turmush -  Бүгүн, 14-ноябрда Лейлек—Исфана унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза болуп, 8 адам оор жаракат алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык эртең менен саат 08:00 чамасында Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында катталып, «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа менен «Жигули» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам ошол жерде каза болуп, 8 адам Исфана аймактык ооруканасына жеткирилди. Алардын төртөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, учурда операциялар жасалып жатат.

Кийинчерээк кырсыктан жабыр тарткандардын ысымдары белгилүү болду:

- И.Шааркан, 1980-жылы төрөлгөн, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө жатат;

- А.Исламбек, 2012-жылы төрөлгөн, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө жатат;

- Б.Өмүркан, 1966-жылы төрөлгөн, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө жатат;

- У.Башарат, 1967-жылы төрөлгөн, Өзбекстандын Гулистан шаарынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө жатат;

- У.Атабек, 1998-жылы төрөлгөн, Өзбекстандын Гулистан шаарынын тургуну, травматология бөлүмүндө жатат;

- Ж. кызы Жаркынай, 1999-жылы төрөлгөн, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, травматология бөлүмүндө жатат;

- Н.Нурболсун, 2013-жылы төрөлгөн, Лейлек районунун Самат айылынын тургуну, травматология бөлүмүндө жатат;

- Н.Урматай, 1967-жылы төрөлгөн, Лейлек районунун Самат айылынын тургуну, травматология бөлүмүндө жатат;

Каза болгондор:

- М.Муса, 1986-жылы төрөлгөн, Лейлек районунун Маданият айылынын тургуну, унааны айдап бара жаткан. Кырсык болгон жерде мерт болгон;

- А.Шермамат, 1987-жылы төрөлгөн, кырсык болгон жерде мерт болгон;

- Х.Хусанбай, 1948-жылы төрөлгөн, Өзбекстандын Сардоба айылынын тургуну, кырсык болгон жерде мерт болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 20013
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×