Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Ошто 10 жаштагы кызды унаа сүзүп өлтүрдү (толукталды)

Turmush -  Ош шаарында автоунаа 10 жаштагы окуучу кызды сүзүп өлтүрдү. Turmush басылмасына укук коргоо органдарындагы кызматкерлер окуя кечээ, 13-ноябрда саат 12:00 чамасында болгонун билдирди.

Көз жумган окуучу — Кара-Суудагы Нариман айылынын 2007-жылы туулган тургуну Б.Т.

Бул окуя тууралуу кийинчерээк Ош ОИИБ маалымат берип, «Хонда Стрим» унаасы аэропорт тарапка бара жатканда жолдон чуркап чыккан кызды сүзүп кеткенин билдирди. Оор жаракат алган жабырлануучу ошол жерде көз жумган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 10 жаштагы Токтокан жолдун четинде апасы менен бирге бара жаткан. Ал ошол учурда жетелеп бара жаткан апасынын колунан суурулуп, жолго чуркап чыккан.

Учурда унаа айып аянтчасына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1881
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×