Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Бул жылы Ошто балдар үчүн 10 аянтча курулду (фото)

Turmush -  Жыл башынан бери Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар ойноочу 10 аянтча курулду. Мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адиси Шумкарбек Пайзиевдин айтымында, курулуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.

«Быйылкы жылкы планга 10 балдар аянтчасын куруу пландалган. Бизге жашоочулардан мындай сунуштар менен көп арыз түшөт. Мектеп жашына чейинки балдардын тизмесин карап, аянтча курула турган аймактарды аныктадык. Балдар аянтчасынын сметалык баасы 7 млн 53 миң сом болсо, тендердик баасы 4 млн 900 миң сом болду», - деди Ш.Пайзиев.

Өткөн жылы шаар боюнча 13 балдар аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 309
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×