Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ош

Фото - Алайда жардан кулап кеткен унаанын айдоочусу каза болду

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы жол-транспорт кырсыгынан 45 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 13-ноябрда саат 21:00 чамасында Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там жолунун 170-чакырымында «Ваз-2106» үлгүсүндөгү унаа башкаруусун жоготуп, 40 метр бийиктен кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу — 1972-жылы туулган А.К. окуя болгон жерде көз жумду.

Кырсык катталган жерде ыкчам териштирүү тобу иштеп, топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2221
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×