Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Ош шаардык сотунун мурдагы судьясына кылмыш иш козголду

Turmush -  Башкы прокуратура Ош шаардык сотунун мурдагы судьясы Т.Ж.га КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-328-166-беренелеринин (кызмат абалынан кыянаттык менен пйдалануу, атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу, алдамчылык) негизинде кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2013-жылдын апрель айында Ош шаарынын мэриясы К.Б. аттуу жаранга 148 чарчы метр жер тилкесин 3 жылга убактылуу колдонууга берген. К.Б. жер тилкесин убактылуу соода павильонун жайгаштырууга алып, бирок өз алдынча аянтты 515 чарчы метрге чейин кеңейтип, тамактануучу жай куруп алган.

«Андан кийин ал жерге ээлик кыла албай турганын билип, сотко жеке менчикке укук берүү тууралуу доо арыз менен кайрылган. 2013-жылдын 4-ноябрында Ош шаардык сотунун судьясы Ж.Т. К.Б.нын доо арызын канааттандыруу тууралуу чечим чыгарган. Муну менен сот жер тилкедеги имаратты жеке мүлк деп тааныган. 2015-жылдын 10-ноябрында Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык сотунун судьясы Ж.Т.нын чечимине доо арызынын негизинде Ош облустук соту тарабынан токтом жокко чыгарылып жана жарандык иш ошол эле сотко кайрадан карап чыгууга жөнөтүлгөн. 2016-жылдын 9-июнунда Ош шаардык сотунун аныктоосу менен К.Б.нын доо арызы каралган эмес. Ош шаардык сотунун мурдагы судьясы муниципалдык жерге карата мыйзамга ылайыксыз чечим чыгарган», - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 278
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×