Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Видео — Ошто жол кырсыктарды алдын алуу үчүн рейддер өтүп жатат

Turmush -  Ош облусунун аймагында «Көңүл бургула балдар» жана «Үгүт жүрүш» рейди өтүп жатат. Бул тууралуу Патрулдук милиция бөлүмүнүн үгүт жана үндөө боюнча тескөөчүсү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында жыл башынан бери 635 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 111 адам каза болду.

«Мындан тышкары, 1 миң 114 адам ар кандай жаракаттарды алды. Жаш балдардын катышуусунда 178 жол кырсыгы катталып, 13 бала көз жумуп, 209 бала жабыр тартты. Жол кырсыктарды алдын алуу максатында 1-ноябрдан 15-ноябрга чейин облус аймагында «Көңүл бургула балдар» жана «Үгүт жүрүш» рейди өтүүдө.

Ошондой эле, Ички иштер министрлигинин тапшырмасынын негизинде мектептерде жана бала бакчаларда өспүрүмдөргө жол коопсуздугу тууралуу маалыматтар берилип жатат. Эртең менен сабак башталганга чейин ар бир мектептин алдында Патрулдук милиция бөлүмүнүн бирден кызматкери туруп, окуучуларды унаа жолдон өткөрүүдө.

Мындан тышкары, Бишкек—Ош автобекеттеринде айдоочуларга жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 215
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×