Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Баткенде «Кадамжай» сурьма ишканасынын абалы талкууланды

Turmush -  Бүгүн, 13-ноябрда Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев инвесторлор менен жолугушуп, «Кадамжай» сурьма ишканасын иштетүү маселесин талкуулады.

Маалым болгондой, ишкананын 95 млн сом карызы бар. Талкуу учурунда аталган карызды төлөө маселесине көңүл бурулду. Ишканада учурда 100 жакын жумушчу 17 миң сомдон маяна алып иштеп жатат.

Маселенин чоо-жайы:

Буга чейин «Кадамжай» сурьма комбинаты кытайлык жана кыргызстандык инвесторлордун жардамы менен иштей баштагандыгы белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, кытайлык ишкана менен 2016-жылдын август айында келишим түзүлгөн. Кыргызстандык ишкана менен 2017-жылдын 17-июлунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлган. Учурда 2 ишкана комбинаттын 2 бөлүгүндө иштеп жатат. Жүк ташуучу оор техникалар алынып келип, химиялык лаборатория, кичи завод куруу жумуштары дээрлик аяктап, керектүү тетиктер орнотулган.

Адистердин айтымында, бул жердеги калдыктын запасы 3 жылга жетет. Кытай технологиясынын жардамы менен кайра иштетип, сурьма өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Заводдон чыккан калдыктардын айлан-чөйрөгө экологиялык жактан зыяны болбой тургандыгын адистер далилдеп беришти.

«Кадамжай» сурьма комбинатынын тышкы экономикалык байланыш жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Арсланбек Маккамбаевдин айтымында, учурда сурьманын баасы дүйнөлүк рынокто 1 тоннасы 7000 миң доллар турат. Комбинат толук кандуу иштеп кетсе дагы жумуш орундары кеңейип, Баткен облусунун өнөр жайы, экономикасы өсөт.

Бүгүнкү күндө комбинатта 93 жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 317
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×