Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык Валерий аксакалдын тарткан сүрөттөрүн Америкага чейин алып кетишкен (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 66 жаштагы тургуну Валерий Руденконун Кыргызстандын жаратылышы тартылган сүрөттөрүн чет өлкөлүктөр сатып алышат. Аймактык кабарчы сүрөтчү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган.

«СССР учурунда, андан кийин да бир канча сүрөтканаларда иштедим. Сүрөтчүдө дайыма чыгармачылык маанай болуусу керек. Мен пейзажга басым жасайм. Кыргызстандын ар бир облусунун жаратылышынын кооздугун, жер-жемиштерин, баардык өзгөчөлүгүн чагылдырганга аракет кылам. Чет жактарда сүрөттөрүм көп. Мисалы Германия, Польша, Израилден буйрутмалар келет. Америкада 4-5 эмгегим бар. Чет элдиктер көбүнчө тартылган сүрөттөрдөн тандап алышат. «Көптөр канчага баалайсың?» дешет. Өзүңдүн колуңдан чыккан нерсеге мындай деп баа кое албайсың. Сенин жасаган эмгегиңди бирөө баалап алып жаткан соң, анын көңүлүнө карап баа коебуз. Ар бир сүрөт сүрөтчүнүн эргүүсүнө жараша ар кандай убакта бүтөт. Казакстандын Жамбыл облусундагы сүрөтчүлөр менен бирге көргөзмөлөрдү өткөрүп турабыз», - деди ал.

Сүрөтчү 3 уул, 6 неберенин атасы.

«Жубайым Рима экөөбүз 3 уулду тарбиялап, чоңойттук. 6 неберем бар. Өзүмдүн балдарымдан сүрөтчү чыккан жок. Ал эми неберелерим абдан кызыгып, мени менен жүрүшөт. Боектордун өңүн сурап, мен тартканда жанымда отурушат. Буйруса келечекте кызыгууларына жараша адистик алышса дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 255
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×