Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Лейлектик М.Рахманкулов 6 үй-бүлө аары багып, киреше табууда (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Андарак айылынын тургуну Мустапакул Рахманкулов аары багып тиричилик кылат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аарыларды 1 жыл ичинде 6 үй-бүлөгө жеткирди. 1 уядагы (ящик) аарылар бир үй-бүлө болуп эсептелет.

«Бул ишти былтыр баштагам. Анда 2 гана үй-бүлө бар болчу. Быйыл 6 үй-бүлөгө жетти. Буйруса алдыда 50 үй-бүлөгө жеткирүүнү пландап жатам. Мындан көп пайда табууга болот. Аарылар жамгыр көп жааган жылы көп бал берсе, жамгыр болбой калган мезгилде аз бал берет.

Ар бир аары алгач кайсы түстөгү ящикке көчүрүлсө, дайыма ошол түстөгүсүнө кирет. Үйүн 2-3 метрге жылдырып койсо башкаларга кирбей коюшат. Ошондуктан аары үйүн таппай калбашы үчүн алардын үйлөрүн карыштап гана жылдырууга туура келет. Бал көп ооруларга пайдалуу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 199
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×