Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.11.2017 17:25

Венгриядагы таяк тартыш мелдешинде ысык-көлдүк спортчулар байгелүү орунга ээ болушту (фото)

Turmush -  Венгриянын Будапешт шаарында өткөн таяк тартыш боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстандан барган команда алдыңкы орунга ээ болду. Маалым болгондой, эл аралык мелдешке 18 өлкөдөн барган командалар күч сынашты.

Жети-Өгүз районунда 5 жылдан бери таяк тартыш менен машыгып келген Бекжан Өмүралиев 60 кг салмакта спорт чеберлери менен беттешип, 1-орунду алып келген. Азамат Асанов бул мелдеште 70 кг салмакта беттешип, якут чебери менен дүйнөлүк кубоктун 2-этабына чыкты.

Ошондой эле, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынан барган команда ийгилик менен кайтып келди. Эми спорт чеберлери келерки мелдешке даярдык көрүп, Кызыл-Суу айылындагы спорт ордодо машыгып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×