Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Видео, фото - Ошто 5 млн сомдон ашык акча алдаган шектүү аял үй камагына чыкты

Turmush -  Ош шаарында жарандардан 5 млн сомдон ашык каражатты алдап алган шектүү аял кармалды. 44 жаштагы шектүүнүн үстүнөн ондон ашык адам арызданган, деп билдирди Ош ШИИБдин басма сөз кызматы.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кылмышкер ири суммадагы акчаны которуу жолу менен алып жүргөн. Кийинчерээк белгилүү болгондой, Ош шардык соту бүгүн, 13-ноябрда анын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды.

Сүрөттөгү аялдан жабыркагандар Ош ШИИБдин кызматкерлерине кайрылса болот.

5 млн сом

Ал эми шектүүнүн айтымында, аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери испаниялык компаниянын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси катары кармашкан.

Шектүүнүн көрсөтмөсү: «Биз менен бирге иштеген инвесторлор мени бул иштин башында туруп, жооп берет деп айтышыптыр. Биз элдин акчасын жеп алган жокпуз. Ар бир адамдын салган акчасынын бардыгы өздүк кабинеттеринде турат. Бүгүнкү күнгө чейин ар бир жума күнү дивиденттер түшүүдө. Учурда компания расмий иштеп жатат. Ал жабылган жок. Компания Испанияныкы. Август айында компания кеңейтилип, биз Швейцариядагы бөлүмгө карап калдык.

Биздин компанияга акча салып, күйгөн адамдар болгон эмес. Мен өзүм текшерип көрүү үчүн аз суммадагы акча чыгарып көргөм. Банк менден 73 евронун 4%ын алып калып (кызмат үчүн), 69 евро берген. Эл биз акчаны банктан чыгарбай, өз алдынча эсептешүү менен иштейбиз дешти. Бул элдин каалоосу. Оштогу бөлүмдү мен жетектейм. Бул электрондук бизнес болуп саналат. Бирок тармактык болуп эсептелинбейт жана түшкөн акча тең бөлүштүрүлөт. Мен элдин акчасын алдаган жокмун».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8374
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×