Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Бишкек 12.11.2017 12:38 Жаңыланды: 13.11.2017 13:39

АКИ-TV - Депутат Улан Чолпонбаев жерге берилди: Артында 4 жана 2,5 жаштагы кыздары калды (фото)

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев («Республика – Ата Журт») 40 жашында көз жумду. Анын артында 4 жана 2,5 жаштагы кыздары калды.

У.Чолпонбаев бөйрөк оорусунан жабыркап, борбордогу ооруканада дарыланып жаткан. Анын каза болгону тууралуу 11-ноябрда кечинде айтылды.

У.Чолпонбаев

Эл өкүлү Кыргызстандын Эл аралык университетин аяктап, Москва шаарындагы Плеханов атындагы жогорку экономикалык курстан билим алган. «Манас» аэропортунун бажы терминалында эмгектенип, фармацевтикалык компанияны жетектеген. Ошондой эле, жарнамалык Adver Group компаниясынын жана «Табылга» саясий партиясынын негиздөөчүсү. Маркум Жогорку Кеңештин V, VI чакырылыштарында депутат болуп шайланган жана Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун ардактуу атуулу аталган. Моңголиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу да болгон.

У.Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 13-ноябрда Бишкекте өтүп, денеси Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

У.Чолпонбаев менен коштошууга кесиптештери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер чогулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×