Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Фото - Ошто окуучу кыздын ашказанынан 1,5 кг чач алышты

Turmush -  Бүгүн, 11-ноябрда Ош облустук клиникалык балдар ооруканасында ашказанына чач топтолуп калган 13 жаштагы кызга операция жасалды. Алынган чачтын салмагы калдыктары менен 1,5 кг жеткен. Бул тууралуу аталган оорукананын дарыгерлери Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Дарыгерлердин айтымында, ноокаттык окуучу кыз кусуп баштагандан кийин ата-энеси ооруканага жеткирген. Топтолгон чачтар 5-6 жылдык болушу мүмкүн. Операциядан кийин кыздын абалы жакшыра баштады.

Буга чейин да бул ооруканадагы дарыгерлер ийне, темир жана тыйын жуткан балдардын өмүрүн сактап калышкан.

2-ноябрда Ош облустук клиникалык балдар ооруканасынын дарыгерлери 7 жаштагы баланын өпкөсүнөн ийне алып чыгышты. Ийне бронхоскоп жабдыгынын жардамы менен операциясыз алынган.

Turmush басылмасынын кабарчысына дарыгерлер билдиргендей, окуучу ийнени операциядан 1 ай мурда жуткан.

«Бейтапты эртең менен жөтөлүп жатканын айтып алып келишкен. Рентгенге текшерүү учурунда өпкөсүнөн ийне чыкты. Аны операциясыз алдык. Бала ийнени байкабай жутуп алганын убагында айткан эмес. Учурда баланын абалы жакшы», - деген дарыгер.

Ийне

Оштогу дарыгерлер темир жуткан баланы операциясыз сактап калышты

2017-жылы 25-октябрда Ош облустук клиникалык балдар ооруканасындагы дарыгерлер темир жутуп алган 7 жаштагы баланын өмүрүн сактап калышты. Баланын өпкөсүндөгү темирди операциясыз алып чыгышкан.

«Бала оозуна темирди салып ойноп жатып жутуп алган. Темир өпкөгө кирип кеткен. Окуя 22-октябрда болуп, 3 күн бою ошол бойдон жүрө берген. Темирди өпкөсүнөн бронхоскоп жабдыгы аркылуу операциясыз ийгиликтүү алдык. Баланын абалы канааттандырарлык», - деди бронхоскопист Элмурат Эркулов.

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын ЛОР бөлүмүндөгү дарыгерлер 5 жана 10 номиналындагы тыйындарды жутуп алган 3 жаштагы наристенин өмүрүн сактап калышты.

ЛОР бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Абдихапликов билдиргендей, бейтапты ооруканага тамак-аш жута албай калган абалда жеткиришкен. Дароо тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөргөн дарыгерлер баланын ашказанынан эки тыйынды катары менен алып чыгышты. Наристенин абалы 2-3 сааттан кийин жакшырып, үйүнө чыгарылган.

А 2

Аталган оорукананын дарыгерлери 2017-жылдын 22-июлунда ийне жутуп алган 1 жаш 7 айлык баланын өмүрүн операциясыз сактап калган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 24497
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
altyn12
21:22, 11 ноября 2017
Врачтарга таазим
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×