Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Чоң эненин туулган күнүндө келини каза болду: Курулуш плитасы баскан үйдөн видео менен сүрөттөр

Turmush -  Сокулук районунун Новопавловка айылында курулуп жаткан үйдөн плита түшүп кетип, кошуна үйдү басып калды. Анын кесепетинен 26 жаштагы келин каза болду жана жабыркагандар бар.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Деповская көчөсүндө жайгашкан №30 турак үйдүн үстүнө плита кулап түшкөн. Анын кесепетинен 5 адам — 1 эркек киши, 3 аял, 1 жаш кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Ал эми, оор жаракат алган келин окуя болгон жерде көз жумган.

Turmush басылмасын кабарчысы кырсык болгон жердеги абалга күбө болуп келди. Маалым болгондой, 6 адам чай ичкени отурушкан. Каза болгон келиндин бир тууган кайын агасы Данияр Амантаевдин айтымында, алар 78 жашка толгон чоң эненин туулган күнүн белгилөө үчүн чогулушкан.

«Көз жумган келинибиз Наргиза дасторконун даярдап, жаңы чайга отурганда плита үйдү басып калды. Ошол учурда анын жолдошу эшикте жүргөн. Алар жаңы үйлөнүшкөн болчу. Учурда апабыз Ш.Гүлайым, 1994-жылы төрөлгөн А.Айтурган жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми, А.Динаранын буту сынды.

Кошунабыздын туугандары эч кандай коопсуздукту сактабай курулуш жүргүзүп жаткан. Ал эми, үйдүн ээлери учурда Россияда», - деди Д.Амантаева.

Ал жеңил жаракат алып, ооруканага жаткан жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 27849
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×