Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Чүй

Бүтүндөй үй-бүлөнүн, бир учурда 10 адамдын өмүрүн кыйган жол кырсыктар (фото, видео)

Turmush -  Акыркы учурларда өлкөнүн аймактарында оор жоготууларга алып келген жол кырсыктардын саны кескин өскөнүн байкап жатабыз. Айрым окуялар бир үй-бүлөдөн 4-5 адамдын өмүрү алса, мындан 5 күн мурунку кырсыктан 10 адамдын өмүрү бир учурда кыйылды.

Бул көйгөй мамлекеттик деңгээлде олуттуу маселеге айланып, тиешелүү чараларды токтоосуз көрүү мезгил талабы болуп калды. Жогорку Кеңештин жыйынында дагы жол кырсыктардын көбөйүшү талкууга алынды.

Кыргызстан эмес эле, «Кырсыкстан» болуп калды деди Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков (КСДП) 9-ноябрдагы отурумда. Ал акыркы 5 күн ичинде республиканын аймагында 30 адам жол кырсыктын кесепетинен көз жумганын айтты.

«Бизде каскадерлорго кастинг өтүп жатабы? Нью-Йоркто 1 жылда жол кырсыктардан 200 адам каза болот, а бизде 1 айда — 100 адам. Сирияда дагы адамдар мынчалык көп өлбөйт», - деп белгиледи.

Ошондой эле, премьер-министр Сапар Исаков биринчи кезекте жолдордогу коопсуздук көйгөйүн чечүүнү убадалаганын эскертти.  

Ал эми, депутат Таалайбек Масабиров («Кыргызстан») айдоочуларга күбөлүк берүүчү жеке автомектептерди жабууну сунуштаса, Зарылбек Рысалиев («Республика – Ата Журт») талаптарды күчөтүүнү сунуштады.

З.Рысалиевдин айтымында, Афганистандагы 10 жылдык согушта 300дөн ашык кыргызстандык адам каза болуп, 4 адам дайынсыз жоголгон. Ал эми, Кыргызстандагы акыркы күндөрдөгү жол кырсыктардан көз жумгандардын саны 30дан ашып кетти.

Ал эми, премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 10-ноябрда өкмөттүн жолдордогу коопсуздук боюнча чукул кеңешмесинде Кыргызстандын аймагындагы бардык автомектептерди текшерүүдөн өткөрүү тапшырмасын берди.

Кырсык каш-кабактын ортосунда же акыркы айда дөңгөлөк алдында кыйылган өмүрлөр...

Бул макаладагы жол кырсыктар акыркы айда Turmush басылмасына жарыяланган учурлар. Жалпы мекендештерди, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү үрөйдү учурган ушундай окуяларды эс алуу менен жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоого жана сак болууга чакырабыз. 

Бүгүн түнү 67 жаштагы кишини унаа сүзүп өлтүрдү

Бүгүн, 11-ноябрда Жайыл районунун Вознесеновка айылында 67 жаштагы адамды унаа уруп кетип каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга карганда, кырсык саат 01:00 чамасында ресторандын жанында болгон. Шектүү айдоочу катары Панфилов районунун 1992-жылы туулган тургуну кармалды. Ал спирт ичимдигин ичпегендиги тастыкталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Токмокто 28 жаштагы айдоочу көз жумду

Токмок шаарында 9-ноябрда саат 04:30 чамасында 3 унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталган. ӨКМдин маалыматы боюнча, Бишкек — Торугарт айланма жолунун 52-чакырымында жүк ташуучу «Мерседес-Бенц Гигант» жана «Мазда 323» унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Мазда 323» үлгүсүндөгү жеңил унаанын 1989-жылы туулган айдоочусу С.Ч. окуя болгон жерден каза болду.

9-ноябрда Бишкек—Ош унаа жолунда 2 ирет жол-транспорт кырсыгы болуп, алардын кесепетинен 6 адам көз жумду. Ошондой эле, жабыркагандар бар. 
Саат 06:00 чамасында «Тойота Ипсум» унаасы башкаруусун жоготуп, оодарылып кеткен.
Каза болгон адамдар Тажикстандын жарандары — 1973-жылы туулган К.М. жана 1964-жылы туулган М.Ф. Ал эми, жабырлануучулар — 1987-жылы туулган Т.А. Токтогул районунун тургуну болсо, 1965-жылы туулган Ч.Т. Тажикстандын жараны.
Экинчи кырсык:
Саат 11:00 чамасында Токтогулдагы Кара-Жыгач айылынын аймагында «Мерседес-Бенц» жана «Вольво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын кагышуусунан каза болгондор:

- 1983-жылы туулган Б.Нурислам;

- 1992-жылы туулган Т.Кыркбай;

- 1992-жылы туулган Б.Урмат;

- 1988 -жылы туулган А. уулу Нурис (жеңил унаанын айдоочусу).

Көз жумгандар Кара-Жыгач айылынын тургундары экени аныкталды. Ал эми, 1983-жылы туулган М.М. ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.

Таластагы кырсык: Жаш кыз менен жигит эсине келбей жатат

8-ноябрда Талас районунун Көк-Токой айылында саат 2:00 чамасында болгон кырсыктан таластык 1995-жылы туулган жигиттер — Ж.уулу Акылбек менен А.Бексултан ошол жерде каза болгон. Дагы 2 жабырлануучу оор абалда облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Алардын бири Талас шаарынын 1996-жылы туулган тургу С. уулу Тилек, экинчиси 1998-жылы туулган А. кызы А. экендиги такталды.
10 адамдын өмүрүн алган жол кырсык: Арасында 1,5 жаштагы бала бар
2017-жылы 6-ноябрга караган түнү саат 00:05 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы 457-чакырымында «Стэпвагон» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру О 57-98 АG) унаа менен «МАН» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 01378 РА) газ ташуучу автоунаа бетме-бет кагышкан. Анын кесепетинен 10 адам каза болду.
Кырсыктын кесепетинен каза болгондор:
- 1994-жылы туулган Кадыржанов Камалдин, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
- 1988-жылы туулган Абдувалиев Фахриддин Каманинович, Өзгөн районунун тургуну;
- 1989-жылы туулган Абдувалиев Хусниддин Жамалинович, Өзгөн районунун тургуну;
- 1994-жылы туулган Навижанов Кадыржан Адылисанович, Өзгөн районунун тургуну;
- 1977-жылы туулган Шабданов Куштарбек Өзбекович, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну;
- 1994 жылы туулган Аширова Барнохан Жатамжановна, Өзгөн районунун Өзгөн айылы тургуну;
- 1989-жылы туулган Разакулов Акмольжан Махмуджанович, Өзгөн шаарынын тургуну;
- 1995-жылы туулган Расулжан кызы Наврузхан, Өзгөн районунун тургуну;
- 1994-жылы туулган Мамаджанов Кадыржан Абдыкалыкович;
- 2016-жылдын 1-июнунда туулган Мамадалиев Абубакир Шафкатович. Ал Расулжон кызы Наврузхондун уулу.
Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектиси менен М.Горький көчөсүндө 5-ноябрда саат 4:20 чамасында 2 жеңил унаа кагышкан. Анын кесепетинен оор жаракат алган 5 адам ошол жерде көз жумуп, дагы 3 адам ооруканага жеткирилген.
ИИМдин Патрулдук милициясынын башкы башкармалыгынын билдирүүсүндө: «5-ноябрда саат 4:15 чамасында 1995-жылы туулган айдоочунун башкаруусундагы «Тойота Камри» унаасы түндүк багытка катуу ылдамдыкта бара жатып, бир багыттагы «Тойота Ист» унаасы менен сүзүшкөн. Андан кийин «Камри» унаасы башкаруусун жоготуп, каршы багытка чыкканда «Тойота Камри» унаасы менен кагышкан. Анын кесепетинен биринчи «Тойота» оодарылып кеткен. Окуяга күбө болгондор ал унаадан 4 жигитти алып чыгууга үлгүрүп, айдоочуну чыгара алышкан эмес. Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу жана эки «Тойота» унаасынын 4 жүргүнчүсү көз жумду», - деп айтылат.

1

2

3

Аэропорттун жолунда «учкан» унаа

6-ноябрда Чүйдөгү Аламүдүн районунун Достук айылындагы унаа кырсыктан 4 адам каза болду. Маалым болгондой, «БМВ» үлгүсүндөгү унаа «Манас» аэропорту тараптан Бишкекти көздөй катуу ылдамдыкта келе жатып, даракка урунган. Кырсыктын кесепетинен 2 жүргүнчү ошол жерде мерт болуп, дагы 2 жүргүнчү ооруканадан каза болду.

Каза болгондор:

- А.Бахтияр, 1992-жылы төрөлгөн;

- Б.Максат, 1992-жылы төрөлгөн;

- Ч.Жандос, 1989-жылы төрөлгөн;

- К.Орунбасар, 1986-жылы төрөлгөн;

1992-жылы төрөлгөн М.Юрий баш мээси чайкалып, жаракат алды.

Ысык-Көлдө жол кырсыктан бир адам каза болуп, анын 5 жаштагы баласы жабыркады

3-ноябрда кечинде Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында катталган жол кырсыктын кесепетинен 1978-жылы туулган А.Н. каза болгон. Анын 2012-жылы туулган баласы оор жараат алып, ооруканага жеткирилген. Алардын унаасы оодарылып кеткен.
Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 31-октябрда саат 22:00 чамасында Ноокат районундагы жол кырсыктан эркек киши көз жумган.

Ош—Исфана унаа жолунун 63-чакырымында «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа белгисиз адамды сүзүп кетип, жабырлануучу жакынкы ооруканага оор абалда жеткирилген. Бирок дарыгерлердин аракети жыйынтык бербей, өзүнө келбестен каза болгон. Унаанын айдоочусу кармалган.

Бишкек—Ош унаа жолунда жубайлар каза болду

Окуя 2-ноябрда саат 21:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолундагы Өрүк-Сай айылынын аймагында болгон.

Жол кырсыктан улам 1963-жылы туулган А.Ш. (эркек) жана 1966-жылы туулган А.Б. (аял) каза болгон. Ал эми 1991-жылы туулган А.Г. (каза болгон кишинин кызы) жана 1988-жылы туулган А.К. (каза болгон кишинин уулу) жаракат алган.

Өтмөк ашуусундагы жол кырсыктан 49 жаштагы айдоочу каза болду

3-ноябрда Өтмөк ашуусунда жол кырсык катталып, унаанын айдоочусу каза болду.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кырсыктын кесепетинен «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаанын (мамлекеттик номуру О36-73АI ) 1968-жылы туулган айдоочусу А.К. көз жумду. Куткаруучулар 1972-жылы туулган Т. Камчыбековага биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Ысык-Көлдө эже-сиңди жана 2 жаштагы кыз көз жумду

Балыкчы—Каракол унаа жолунун 50-чакырымында «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, 3 адам көз жумган. Адам өмүрүн алган окуя 24-октябрда саат 20:30 чамасында болгон. Жабырлануучулар унаа сүзгөн учурда жолдун четинде турушкан. Каза болгон адамдардын бири — 1 жаш 9 айлык кыз. Ал эми, 1980-жылы туулган А.Саадат менен 1981-жылы туулган А.Жаннат бир тууган эже-сиңдилер. Кийинчерээк А.Жаннат өзү менен бирге көз жумган 1 жаш 9 айлык кыздын апасы экени белгилүү болгон. Анын артында 3 баласы, Саадаттын 4 бала калды.

Жол кырсык болгон күнү каза болгон эже-сиңдинин бир туугандары милицияга арыз жазышкан. Айдоочу эки суткага камалып, эртеси Ысык-Көл райондук соту аны 2 айга үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган болчу. Бул иш боюнча учурда иликтөө уланып жатат.

Turmush басылмасына белгилүү болгондой, бир нече ай мурун Боом капчыгайында жол кырсыктын кесепетинен «Тойота Прадо» унаасынын айдоочусунун жубайы каза болгон. Андан бери айдоочу эки баласын жалгыз тарбиялап жатат.

Эже-сиңдилер Чок-Тал айылында жерге берилди

 Ноокаттагы жол кырсыктан жаш кыз менен жигит көз жумду

Ноокат районундагы жол кырсыктын кесепетинен оор жаракат алган 2 адам көз жумду. Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, кырсык 31-октябрга караган түнү саат 02:00 чамасында катталган.

Каза болгондор – Араван районунун 1989-жылы туулган тургуну З.З. жана 20-25 жаштар чамасындагы кыз.
Алайда автоунаа 4-5 жолу оодарылып, 3 адам каза болду  

Ош—Сары-Таш—Карамык автоунаа жолунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүндөгү 208-чакырымында жол кырсык катталып, 3 адам ошол жерде көз жумду. Андан тышкары, 4 адам ооруканага жеткирилген.

Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, оодарылган автоунааны Сары-Могол айылынын 1987-жылы туулган тургуну М.Т. башкарып жүргөн. Ош ОИИБдин Патрулдук милициясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 29-октябрда саат 10:00 чамасында унаанын арткы дөңгөлөгү жарылып, 4-5 жолу тоголонуп кеткен (каза болгон жана жабыркаган адамдардын тизмеси). 

Өзбекстандык эже-сиңдини унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу табылды. Ал 1-ноябрда милиция пунктуна өзү барганын Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылы 25-октябрда саат 19:00 чамасында Ош — Бишкек жолунун 638-чакырымында (Кара-Суу району) Өзбекстандын Андижан облусундагы Коргон-Төбө районунун 1973-жылы туулган тургуну Д.М. жана 1960-жылы туулган Д.М.ны унаа сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1973-туулган Д.Мутабар окуя болгон жерден көз жумуп, эжеси Д.М. райондук ооруканага жеткирилген болчу.

Окуя болгон жер

Аравандагы жол кырсыктан 1 адам көз жумду, жабыркагандар бар

Оштун Араван районундагы жол кырсыктан 1 адамдын өмүрү кыйылып, экөө жаракат алышты. Turmush басылмасынын кабарчысы окуя 25-октябрда саат 14:00 чамасында Мангыт айылында болгонун билдирди.

Жабырлануучулардын өздүгү такталып, 1938-жылы туулган Б.Л. (аял киши) жана 1067-жылы туулган И.С. (эркек киши, мас абалда болгон) экени белгилүү болду. Ал эми, көз жумган П.Ш. 1956-жылы туулган.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы жол кырсыктан 18 жаштагы жигиттин өмүрү кыйылды. Turmush басылмасына укук коргоо органдарындагы булактар аркылуу маалым болгондой, окуя 23-октябрда саат 22:00 чамасында Нариман айылынын аймагында болгон.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, жогорку ылдамдыкта бара жаткан унаа жолдун четиндеги бетонду сүзүп, андан кийин оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 4 адам жабыркап, алардын бири окуя болгон жерде көз жумду (тизме).
Жалал-Абаддын Токтогул районунда жол кырсык катталып, 55 жаштагы эркек киши көз жумду.
Жабырлануучу 24-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Торкент айылынын аймагында каза болгон. Анын өздүгү такталып, 1962-жылы туулган жергиликтүү тургун Б.Осмонбек экени аныкталды.
21-октябрда саат 16:00 чамасында Түп—Кеген унаа жолунун 68-чакырымында Дани Нахум (Dani Nahum) «Хонда СРВ» унаасынын башкаруусун жоготуп, унаа оодарылып кеткен.
Анын кесепетинен 1957-жылы туулган Дани Нахум (убактылуу Чүй облусунда жашап жаткан) оор жаракат алып, көп узабай каза болгон. Анын жүргүнчүсү — 1964-жылы туулган аял киши Түп райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган болчу.
Айрым маалыматтар боюнча, Дани Нахум ишкер өнөктөшү менен Казакстанга мейманкананын курулушуна байланыштуу долбоор боюнча бара жаткан. 
Ош—Эркеч-Там унаа жолунун 17-чакырымындагы Кайнар май куюучу бекетинин жанынан унаа сүзүп кеткен 39 жаштагы эркек киши көз жумган. Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынын кызматкери Айбек Бечеловдун айтымында, жол кырсык 15-октябрда саат 8:00 чамасында болгон.
Өзгөн шаарында 23 жаштагы жигиттин өмүрүн алган жол кырсыкка байланыштуу тактоо, тергөө иштери улантылып жатат.
Ош ОИИБдин Патрулдук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Өзгөн шаарынын 1992-жылы туулган тургуну Н.Н. өзүнүн «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү автоунаасын мас абалда башкарып чыккан. Ал алгач «Дэу Тико» автоунаасы менен кагышкан. Андан кийин «Дэу Тико» «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп токтогон.

Анын кесепетинен «Дэу Тико» унаасынын айдоочусу — 1994-жылы туулган М.Арсарбек окуя болгон жерден көз жумду.

Баткенде май ташуучу унаа оодарылып, 1 адам каза болду
18-октябрда Баткен облусунда май ташуучу унаанын катышуусундагы кырсык катталып, 1 адам каза болду.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсык саат 08:00 чамасында Баткен—Исфана унаа жолунда болгон. Май ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыр тартып, алардын бирөө алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болду.

Ал эми, жабырлануучу — 1989-жылы туулган Э.К. Лейлек райондук ооруканасына жеткирилген.
14-октябрда саат 15:30 чамасында Ноокат ашуусунда 2 адам көз жумуп (1 эркек, 1 аял киши), 2 жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ноокат аймактык ооруканасынын маалыматы боюнча, көз жумган эркек иши П.С. Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын тургуну.

Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынын 39 жаштагы жашоочусун унаа сүзүп кетип, дарыгерлер өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. ОИИБдин Патрулдук милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечеловдун айтымында, окуя 12-октябрда саат 21:30 чамасында болгон.

Жалал-Абад шаарынын 22 жаштагы тургуну башкарган «Субару Легаси» үлгүсүндөгү унаа Бишкек—Ош жолунун 633-чакырымына жеткенде жолдон өтүп бара жаткан 39 жаштагы аялды сүзгөн. Ал жабырлануучу Куршаб аймактык ооруканасына жетпей каза болгон.


авто

13-октябрга караган түнү Бишкек—Ош унаа жолунун 633-чакырымындагы Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында унаа сүзүп кеткен аял киши каза болгон. Жабырлануучу — райондун Савай айылынын 1952-жылы туулган тургуну А.Г. ооруканага жетпей көз жумду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1968-жылы туулган айдоочу Э.А. өзүнүн «Фольксваген Гольф» унаасын мас абалда башкарып жүргөн.

унаа
12-октябрда Кара-Көл шаарындагы жол кырсыктан 1 адам каза болуп, 3 адам жабыркады.

Turmush басылмасына маалым болгондой, жол кырсык саат 02:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 379-чакырымында катталган. «Матиз» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 06KG 653 AAE) унааны айдап бара жаткан 1975-жылы туулган С.К. чукул бурулуштан рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, суу боюндагы чуңкурга түшүп кеткен.
Анын кесепетинен алган жараатынан улам айдоочу кырсык болгон жерде каза болгон. Ал эми унаанын жүргүнчүлөрү — Кара-Көл шаарынын 1990-жылы туулган тургуну А.Ж. жана анын жолдошу А.Н., 1991-жылы туулган К.Бакытбек жаракат алып, шаардык ооруканага жеткирилген.
Жабырлануучулар тойдон келе жатышкан. «Матиз» унаасын такси катары жалдап барышканы белгилүү болду.

Терең билими, көрөгөчтүгү жана чыныгы патриоттук сезими менен вице-премьер-министрликке чейин жетип, күндөп-түндөп жумушка берилген Темир Жумакадыров да жол кырсыктан көз жумду.

7-октябрда эртең менен саат 7:30 чамасында Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында вице-премьердин унаасы чиркегичи бар «КамАЗга» урунган. Анын кесепетинен 3 адам — Т.Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен жардамчысы ооруканага жеткирилген.

Шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүүчү республикалык штабдын башчысы болгон Т.Жумакадыров шайлоого карата Таластагы даярдыкты текшерүү үчүн жолгон чыккан эле. 

Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 9-октябрда Бишкек шаарында өттү. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында уюштурулуп, президент А.Атамбаев баштаган мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, жакындары жана шаардыктар катышып, денеси Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Т.Жумакадыровдун жардамчысы — 32 жаштагы Нурлан Жамгырчиев 8-октябрда Бишкектин Көк-Жар конушунда акыркы сапарга узатылган. Анын артында үй-бүлөсү жана 1 уулу калды.

Темир Жумакадыров менен бирге жол кырсыктан каза болгон Нурбек Муканов Кой-Таш айылындагы көрүстөнгө коюлду. 33 жаштагы Нурбек Мукановдун артында жубайы жана 1 баласы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17829
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×