Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

АКИ-ТV: Жумгалдыктарды тамшандырган хан плов менен сандык (фоторепортаж)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын 50 жаштагы тургуну Нура Тыналиева өзгөчө тамактарды ойлоп чыкты. Анын колунан даярдалган тамактардан аймактык кабарчы даам сызып келди.

Н.Тыналиеванын жанында иштеген ашпозчулардын жардамы аркылуу жасалган сандык жана хан плов тамагы элдин назарын буруп, аны жакшылыктарда атайын буйрутма менен жасаткандар көбөйдү.

«Мындай даамдуу тамактарды жасаш үчүн көп деле убакыт кетпейт. Болгону сандык тамагынын ичинде кеминде 10дон ашык азык болушу керек. Аты айтып тургандай, сандыктын ичине бардыгы салынат. Аны даярдоо ыкмасы: эт азыктарын 5-6 саат мурун маринаддайбыз. Андан сырткары жашылчаларды, даам берүүчү азыктарды даярдап, тамактын үстүнө боз үйдүн көрүнүшүн берген нан жасайбыз. Бул сандык тамагы негизинен 5 адам тойгудай даярдалат. Ал эми, хан плов — нандын ичине салынган тамак, ал күрүч, эт менен даярдалат жана нан бышыруучу мешке бышырылат. Бул тамактар 800 сомдон өйдө бааланып, сый конокторго тартылат», - деди Тыналиева.

Ал эми ашпозчу Бакберген Бекмуратова айтымында, Жумгал районунда сандык тамагы биринчи жолу жасалып, аны жактыргандардын саны күн сайын өсүүдө.

«Чындыгында хан плов тамагы бардык жерде жасалып жүрөт. Ал эми сандык тамагын учурда Жумгал районунда жаңылык катары жасап жатабыз. Той-топурларга атайын буйрутма берип башташты жана атайын даам сызып көрүү үчүн келип жатышат», - деди Б.Бекмуратова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9135
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
JUMGAL.KG
23:42, 11 ноября 2017
Karuh - эшек менен сен тамак жасачу окшойсуң,бети жок немесиңго сен. Ичиң тарып, күйүп бышып атабы өзүнчө эле бети жок турбайсыңбы эшек десе....анан коммент жасат уялбай
Нет аватара
karuh
19:28, 11 ноября 2017
Цитата: moison 09:18, 11.11.2017
Негизи Жумгалдыктардан үйрөнүш керек. Башкалар билбегенди ушу саяктар кыйын билет))) заказ берсеңер болот
0700611760 Нура Тыналиева

Осел менен плов барбы?
Нет аватара
karuh
19:26, 11 ноября 2017
Цитата: JUMGAL.KG 09:21, 11.11.2017
Азаматсыңар. Тойго заказ кылсак болобу Хан Плов менен Сандыктан ......көптөн көптөн жазагыла. Жумгалдыктар даам сызбаса болбойтго

Ишак менен плов Сандыктан жакшы болот
Нет аватара
JUMGAL.KG
09:21, 11 ноября 2017
Азаматсыңар. Тойго заказ кылсак болобу Хан Плов менен Сандыктан ......көптөн көптөн жазагыла. Жумгалдыктар даам сызбаса болбойтго
Нет аватара
moison
09:18, 11 ноября 2017
Негизи Жумгалдыктардан үйрөнүш керек. Башкалар билбегенди ушу саяктар кыйын билет))) заказ берсеңер болот
0700611760 Нура Тыналиева
Нет аватара
moison
09:16, 11 ноября 2017
Баракелде, колуңузга баракелде. Жумгалдыктар кыйынсыңар эй. Мен Миңкуштан болом, ушу жакшы
Нет аватара
mirbekasanaliev
09:14, 11 ноября 2017
Нура эже ишиңизге ийгилик каалайм. Жумгалга дайым жаңылык кыла бериңиз
Нет аватара
mirbekasanaliev
22:26, 10 ноября 2017
0700611760 Нура Тыналиевадан Сандык жана Хан плов тамагы с. Чаек кафе Сандык
Көп окулду
×