Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Ысык-көлдүк ишкер жардамга муктаж малчынын үй-бүлөсүнө 5 бөлмөлүү үй куруп берди

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну, жеке ишкер Саламат Кадыралиев жардамга муктаж айылдашы Таалай Кожомбердиевге үй куруп берди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бүгүн, 10-ноябрда Таалай Кожомбердиевдин үй-бүлөсү жаңы үйгө көчүп киришип, жардам көрсөткөн жеке ишкерге ыраазычылык билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын малын багып иштеген Таалай Кожомбердиев учурда 55 жашта. Төрт баланын атасы. Буга чейин жашаган үйүнүн эскилиги жетип, аны кайра оңдоого болбой калгандыктан ал айыл өкмөткө жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу уккан жеке ишкер өз каражатына 2 ай аралыгында беш бөлмөлүү үй куруп берген.

Жеке ишкер Саламат Кадыралиев Ысык-Көл районунда төрөлүп, ушул райондо өскөн. Учурда Бишкек шаарында жашайт жана курулуш компаниянын башкы директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6463
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×