Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Айыл турмушу: И.Эргашов тоту куштун 35 түрүн багып, кымбаттарын 4,5 миң доллардан сатат (фото, видео)

Turmush -  Ош шаарынын тургуну Ибрагимжон Эргашов 40 жылдан бери тоту куштун түрлөрүн багат. Аймактык кабарчы анын чарбасы менен таанышып кайтты.

Өзүнүн айтымында, учурда короосунда тоту куштун 35 түрү, тооктун 6 түрү багылып жатат. Үйүнө келген адамдарды куштардын сайраганы кайдыгер калтырбайт. Тоту куштардан тышкары коендорду багат.

«Атам чымчыктарга өтө жакын эле. Ошол кызыгуу атамдан мага өттү. Туулгандан бери жашоом чымчыктар менен өтүүдө. Тоту куш багуу — кумар. Мээримиң түшкөн соң жашоону чымчыктарсыз элестете албайсың. Буга чейин сүйлөй алган Ара аттуу тоту кушум бар эле. Аны 4,5 миң долларга саттым. Азыр эл көп ала турган гана тоту куштарды багып жатам. Учурда корелла, тармал, ожереловый, неразлучники, амазон породасындагы тоту куштар жана жумуртка багытындагы тооктор бар», - деди ал.

Тоту куштар камкордукка муктаж. Балапан чыгарган мезгилде атайын буламык даярдалып, салаттар менен багылат.

«Кайсыл жакка барсам дагы «чымчыктарым ачка калбасын» деп үйгө келем. Тоту куштарды эрте жаздан кеч күзгө чейин эшикте карайбыз. Кышкысын атайын жылуу бөлмөлөрдү даярдап беребиз. Кесибим ширетүүчү болгондуктан куштарга торлорду өзүм жасайм. Балапан бастырганда атайын акшактан, таруудан буламык жасап, кадимкидей салат жасап беребиз. Куштар деле ар түрдүү витаминдүү тамактар менен азыктанып туруусу керек. Балапандары чоңойгондон кийин күнүнө 1 маал тамак, 2 маал жем беребиз. Бир жумада 1 жолу мөмө-жемиштер берилет. Булар өздөрү таап жей албагандыктан, биз өзүбүз камсыздап турабыз», - деди ал.

Анын тоту куштарын чет мамлекеттерден да атайын издеп келип, сатып алгандар болот. Мындай кооз чымчыктарды негизинен белекке көп алышат. Куштар 200 сомдон, 4,5 миң долларга чейин бааланат.

«Биздин өлкө тропикалык өлкө болгондуктан чымчыктар жакшы балапан чыгарып, жакшы жетилет. Россияда, Тажикстанда, Өзбекстанда чымчык баккандар атайын келип, тоту куш алып кетишет», - деди Эргашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1138
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×