Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

Эгиздер: Таластык «геройлор» Нарбото менен Байырханга оюнчук түтпөйт (фото)

Turmush -  Талас районунун Кара-Ой айылындагы 5 жаштагы эгиздер Нарбото менен Байырхан Сатаровдорго уламыштагы баатырлардын ысымы ыйгарылган. Аймактык кабарчы эгиздер менен таанышты.

«Мен үйдө баарын жакшы көрөм. Досторум көп. Байырханды да жакшы көрөм. Ойногондо чогуу ойнойбуз. Экөөбүздү апам окшош кийинтет. Мектепке барган жакшы. Чоңойгондо апамды (чоң апасы) баккан баатыр болом. Чоң апам бизге күн сайын орусча үйрөтөт», - деди Нарбото.

Эгиздердин чоң энеси Бактыгүл Мүсүралиеванын айтымында, балдары абдан бейбаш. Экөөнө такыр оюнчук түтпөйт.

«Оюнчуктардын баарын чачып, ичинде эмне бар экенине кызыгышат. Экөө бири-бирине абдан эрегишет. Кийиминин топчулары ашык болуп калса талашып урушуп кетишет. Мен да эркелетип, «баатырым, көк итим», «сары мышыгым» деп коем. Эгиз болот дегенде эле сүйүнүп, ысымдарын баатырлардын атынан койгонбуз. Бош убагымда балдарымды мектепке даярдап, орусча үйрөтөм. "Герой" деген сөздү айта алышпай кыйналышат. Кайталаттырсам эле «геой» деп алышат. «Мен геой болуп апамды багам» десе абдан сүйүнүп калам.

«Жамгыр кайдан жаайт? Нан кайдан чыгат? Биз кантип чоңоебуз?» деп ар түркүн суроо беришет. Ар бир иштин түйшүгү менен кубанычын айтып беребиз», - деди чоң апа.

Эгиздер үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 557
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
1989
12:21, 11 ноября 2017
азаматтар
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×