Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 09.11.2017 14:08 Жаңыланды: 09.11.2017 19:38 На русском

Бишкек—Ош жолунда 2 кырсык: Бүгүн 6 өмүр кыйылды (тизме)

Turmush -  Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек—Ош унаа жолунда 2 ирет жол-транспорт кырсыгы болуп, алардын кесепетинен 6 адам көз жумду. Ошондой эле, жабыркагандар бар. 

Биринчи кырсык:
Turmush басылмасы бүгүн таң эрте Токтогул районунун аймагында 2 адамдын өмүрү кыйылганын маалымдаган. Алардан башка 2 жабырлануучу ооруканага жеткирилген болчу. Болжолдуу маалыматтар боюнча, саат 06:00 чамасында «Тойота Ипсум» унаасы башкаруусун жоготуп, оодарылып кеткен.
Каза болгон адамдар Тажикстандын жарандары — 1973-жылы туулган К.М. жана 1964-жылы туулган М.Ф. Ал эми, жабырлануучулар — 1987-жылы туулган Т.А. Токтогул районунун тургуну болсо, 1965-жылы туулган Ч.Т. Тажикстандын жараны.
Экинчи кырсык:
Бишкек—Ош унаа жолундагы жол-транспорт кырсыктан 4 адам каза болуп, бирөө ооруканага жеткирилди. Болжолдуу маалыматтарга караганда, кырсык  саат 11:00 чамасында Токтогулдагы Кара-Жыгач айылынын аймагында болгон.

«Мерседес-Бенц» жана «Вольво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын кагышуусунан каза болгондор:

- 1983-жылы туулган Б.Нурислам;

- 1992-жылы туулган Т.Кыркбай;

- 1992-жылы туулган Б.Урмат;

- 1988 -жылы туулган А. уулу Нурис (жеңил унаанын айдоочусу).

Көз жумгандар Кара-Жыгач айылынын тургундары экени аныкталды. Ал эми, 1983-жылы туулган М.М. ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×