Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Тагдыр: Ысык-көлдүк 14 жаштагы Арлен баспаган апасын багуу үчүн иштөөгө аргасыз (фото, видео)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы 14 жаштагы Арлен баспай, төшөктө жаткан апасын багуу үчүн иштөөгө аргасыз. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

38 жаштагы Махабат Бөкөнбаеванын айтымында, ал Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн. 9 бир туугандын кенжеси. Кийин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Таш-Кыя айылына турмушка чыгып, бир уул жана бир кыздуу болгон. Жолдошу менен 10 жыл бирге жашаган. Ал аны дайыма сабап, ур-токмоктогондуктан ажырашканын кошумчалады.

«Уулумду төрөгөндө жолдошум төрөт үйүнө барбай, 3 күн ачка калдым. Үйгө чыгып келгенден кийин жаңы төрөлгөн баламды кошуналарга калтырып, жалданып иштөө үчүн эмгек биржасына чыктым. Жолдошумдун ур-токмокко алганы, төрөттөн кийин жалданып иштегендин кесепетинен ден соолугумдан ажырадым. Азыр такыр баса албай калдым. 2-топтогу майыптыгым үчүн 1500 сом пенсия, уулума 500 сом жөлөк пул алам», - деди ал.

14 жаштагы Арлен Ахмеджаев учурда апасын багып, дем алыш күндөрү мал сойгон жерлерге барып иштеп, тапкан акчасына апасына дары-дармек алат. Келечекте депутат болууну кыялданган Арлен: «Апам өз алдынча басса экен» деп тилейт.

М.Бөкөнбаева жолдошу менен ажырашканда сот бир бөлмөлүү үйүн балдары менен ага калтырган. Мындан 2 жыл мурун бир тууган эжеси башка үй алып берем деп аны саттырып, ушул күнгө чейин үй алып бербей келет. Учурда эне-бала айына 3 миң сом төлөп, Каракол шаарындагы батирде жашайт. Аны төлөө үчүн каражаттары жок болгондуктан жардамга муктаж экенин айтты.

Анын айтымында, буга чейин өкмөттүн облустагы өкүлү жардам берип, тамак-аш, баласына кийим-кече алып берген. Учурда Арлен тамак бышырып, кир жууп, үйдөгү жумуштарды жасап, апасын жалгыз багып жатат. Ал эми 17 жаштагы кызы Бишкек шаарында иштейт.

Тема боюнча:

06.10.2017Тагдыр: Ичкиликке берилип кеткен ырчы О.Сапаров кайрадан чыгармачылыкка кайтып келди (видео)
22.10.2017«Тагдыр»: 1,5 жаштагы Мариям жүрөгүнө тез арада операция жасатуу үчүн жардам сурайт (фото)
11.10.2017Тагдыр: 8 баланын 78 жаштагы атасы А.Эсенканов карылар үйүнө кантип келгенин айтып берди (фото)
21.10.2017Тагдыр: Кыз төрөгөндүгү үчүн күйөөсү таштап кеткен 40 жаштагы Гүлзат инсульт алып, майып болду (фото)
04.11.2017Тагдыр: Сокулуктук 24 жаштагы эне 3 айлык кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн жардам күтөт (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3904
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×