Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Ош

Фото - Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан каза болгон 10 адамдын өздүгү такталды (тизме, толукталды)

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 457-чакырымында жол кырсыктан каза болгон адамдардын өздүгү такталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыктын кесепетинен 10 адам каза болгон. Алар:

- 1994-жылы туулган Кадыржанов Камалдин, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;

- 1988-жылы туулган Абдувалиев Фахриддин Каманинович, Өзгөн районунун тургуну;

- 1989-жылы туулган Абдувалиев Хусниддин Жамалинович, Өзгөн районунун тургуну;

- 1994-жылы туулган Навижанов Кадыржан Адылисанович, Өзгөн районунун тургуну;

- 1977-жылы туулган Шабданов Куштарбек Өзбекович, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну;

- 1994 жылы туулган Аширова Барнохан Жатамжановна, Өзгөн районунун Өзгөн айылы тургуну;

- 1989-жылы туулган Разакулов Акмольжан Махмуджанович, Өзгөн шаарынын тургуну;

- 1995-жылы туулган Расулжан кызы Наврузхан, Өзгөн районунун тургуну;

- 1994-жылы туулган Мамаджанов Кадыржан Абдыкалыкович;

- 2016-жылдын 1-июнунда туулган Мамадалиев Абубакр Шафкатович. Ал Расулжон кызы Наврузхондун уулу.

Өзгөн шаардык мэриясынан кабарлашкандай, жол кырсыктан каза болгондордун сөөгүн өз үйлөрүнө алып келүү аракеттери жүрүүдө. Алар эртең, 7-ноябрда жерге берилет.

Өзгөндүк айрым тургундардын айтымында, кырсыкка учурагандар Россияга иштегени бара жатышкан.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы жол кырсыктан улам 8 адам каза болгондугун маалымдаган. Маалыматка караганда, бүгүн түнкү саат 00:05 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы 457-чакырымында «Стэпвагон» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номери О 57-98 АG) унаа менен «МАН» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номери 01378 РА) газ ташуучу автоунаа бетме-бет кагышкан. Каза болгон адамдарды Таш-Көмүр шаардык өлүк сактоочу жайга алып кетишти. Ооруканага 2 адам оор абалда тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген.

Окуя болгон жерге Таш-Көмүр шаардык №2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары менен ӨКМдин №57 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары келген. Алар каза болгон адамдардын денелерин алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. ӨКМдин №57 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары өрттү өчүрүшкөн, №2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары менен тез жардамдын кызматкерлери жабыркагандарды ооруканага жеткиришип, кошумча куткаруучулар «Стэпвагон» унаасын жолдун четине чыгарышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12428
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×