Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ысык-Көл

Фото - Чолпон-Атада 3 эм төрөгөн Канышайга акимиат акчалай жардам көрсөттү

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө Ысык-Көл райондук администрациясы тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Райондун акими Д.Иманалиев үч эмдин энеси Таалай кызы Канышайга 20000 сом тапшырып, Адел, Адил, Алинага бекем ден соолук жана кең келечек каалады.

Ымыркайлар Чолпон-Атадагы оорукананын төрөт бөлүмүндө 4-октябрда төрөлүп, кийинчерээк Караколдогу төрөтканага которулган болчу. Үч эмге өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин атынан 300 миң сом берилген. Айына жетпей төрөлгөн ымыркайлар (кыздардын бири 1,9 кг, экинчиси 1,965 кг, уулу 1,6 кг салмакта) 22 жаштагы эненин биринчи төрөтү. Канышай 25 жаштагы жолдошу Искен Койгелдиев менен Чолпон-Ата шаарында турушат. Жубайлар мындан бир жыл мурун баш кошушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3081
Көп окулду
×