Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Ат-башылык уста Э.Молдосариевди Казакстан, Россияга чейин чакырышат (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 29 жаштагы тургуну Эрлан Молдосариев керме шыптарды жасап, жакшы киреше табат. Аймактык кабарчы анын эмгегин көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, атасы дагы уста.

«Мага устачылык өнөр атамдан өтсө керек. Себеби атам да жыгач жана темир уста болуп эмгектенет. Мен ага кичинекей кезимде жардам берип жүрүп, кызыгып калгам.

2008-жылы Нарын шаарындагы М.Мырзабеков атындагы №87 кесиптик лицейин аяктагандан кийин борбор калаабыздагы эмерек салонунда эки жыл эмгектендим. Андан кийин евростилде оңдоо иштерине аралашып, керме шыптарды жасай баштадым. Учурда буйрутма менен шыптарга өзүбүздүн желегибизди түшүрүп, патриоттук сезим жаратуу менен иштейбиз», - деди ал.

Анын эмгегинин баалары 450 сомдон жогору болот. Ал эми, Кыргызстандын желеги түшүрүлгөн шыптардын баасы бир аз кымбат.

«Эмгегимдин көпчүлүгү өз оюмдан жаралса, айрымдары интернеттен алынат. Ошондой эле, буйрутма менен Казакстан, Россияга чейин барып келем. Буга чейин өнөрүмө кызыккан жаш балдарга башынан аягына чейин үйрөттүм. Алар азыркы убакта өз алдынча иштеп жатышат. Алдыда жасаган иштеримди өркүндөтүп, үйрөнөм деген балдарга үйрөтүп, сабак берсем деген ойлорум бар», - деди Э.Молдосариев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10193
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×