Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 01.11.2017 09:06 На русском

Бакай-аталык бир тууган окуучулар Москвадагы фестивалга катышат

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ленин атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Алтай Кадыркулов менен 4-класстагы бир тууган карындашы Тинатин Кадыркулова экөө Москвада өтүүчү «Россиянын тарыхы жана маданияты» дүйнөлүк фестивалына катышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, фестиваль 5-11-ноябрь күндөрү өтөт. Бул чакырууга чейин тандоо туруна июль айында көркөм окуу боюнча видео роликтер жөнөтүлгөн. Натыйжада бир туугандар сынакка Кыргызстандын атынан катышууга чакыруу алышты. Окуучулардын мындай ийгиликке жетишине мугалими Айгүл Нусубалиева көмөк көрсөткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×