Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

Жеңеке: Элнура жеңе турмушка чыккандан кийин эртеси күнү президент А.Атамбаев чакыртып, стипендия тапшырды (фото)

Turmush -  Таласка келин болгон 21 жаштагы Зайырова Элнура жеңе менен жолдошу Баясов Алтынбек экөө президент А.Атамбаевдин колунан стипендия алып, сүйүнүп турган чагы. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Элнура жеңенин айтымында, Жети-Өгүз районунун Чырак айылында чоңойгон. Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылына келин болуп барды. Учурда тайпалашы, жолдошу Алтынбек Баясов экөө Кыргыз улуттук агрардык университетинде окушат.

«Окуучу кезимден эле лидер болуп жүрчүмүн. Мектепти аяктаган соң борбордо билим ала баштадым. Жолдошум экөөбүз бюджеттик бөлүмдө окуйбуз. Алгач тайпалаш катары саламдашып койчубуз. Экөөбүз тең иш-чараларга катышып, жакшы жыйынтык көрсөтүп, бири-бирибизге атаандаша баштадык. 2-курстун студенти болгондо чогуу иштеше баштадык. Кийин достошуп, достугубуз сүйүүгө айланып, сүйүүбүз бир болууга алып барды.

Алтынбек 2015-жылы жаз айларында окуу жайлардын лидерлеринин алдында, жалпы жыйын учурунда сюрприз кылып сүйүүсүн арнаган. Мен үчүн күтүлбөгөн күн болду. Алтынбек абдан түшүнүктүү, аракетчил жана жоопкерчиликтүү адам. Үйлөнүү тууралуу сунушун кинодон чыкканда киргизди. Мен ошол жерден эле макулдугумду бердим. Өзүмдүн ата-энем каршылык көрсөткөн жок, бакыт каалап узатышты. 2017-жылдын 17-октябрында баш коштук. Экөөбүз тең жакшы окугандыктан 18-октябрь күнү президенттин колунан стипендия алып, сүйүнүчүбүз койнубузга батпай кубандык.

21-октябрда Таласта ресторандардын биринде үлпөт тоюбузду өткөрдүк. Жолдошум үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү. Үйдүн улуу келини болуп бардым. Кайын журтум өз кызындай кабыл алышты. Мени таң калтырганы өпкө чапмай салты болду. Той күнү чоң энебиз сыртка чыгарып, экөөбүздү жанаша отургузду. Үстүбүзгө узун баштык жаап, жаңы союлган эчкинин өпкөсү менен 2-3 жолу чаап, жакшы каалоо-тилектерин айтты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13113
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×