Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баракелде, Бишкек 30.10.2017 15:23 На русском

Экс-министр Т.Казаков улуттук музейге ырчы С.Каримованы директор кылган буйругу үчүн эскертүү алган

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев (КСДП) ырчы Самара Каримованы «Сулайман-Тоо» улуттук музей комплексинин директору кылып дайындоо тууралуу буйрукка ким кол койгонуна кызыкты. Мындай суроону бүгүн, 30-октябрда Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин жыйынында узатты.

Эл өкүлүнө маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бакытбек Секимов жооп берип, бул буйрукка экс-министр Түгөлбай Казаков кол койгонун айтты. Ал эми, эл өкүлү статс-катчы ведомстводогу кадр саясатына жооптуу экенин эскертти.

«Директор кылып дайындоо тууралуу даярдалган долбоорду мен көргөн эмесмин, эмгек өргүүдө болчумун. Кадрлар бөлүмү документ даярдаган эмес жана юридикалык бөлүмгө тапшырылган жок. Буйрукту министрдин жардамчысы даярдап, министр кол койгон», - деп жооп узатты Б.Секимов.

Ал эми, эл өкүлү Рыскелди Момбеков (КСДП) улуттук музейдин директорун министрдин сунушу менен премьер-министр дайындай турганын белгиледи.

Статс-катчы: «Өкмөт текшерүү жүргүзүп, экс-министрге ооз эки эскертүү берилген. Кийин бул кызматка башка адам дайындалды», - деп кошумчалады.

Окуя тууралуу:

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп Кангелдиев Абдыкайым Алибаевич премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын 18-августтагы буйругу менен дайындалган.

А.Кангелдиев

ОШ

Музейдин мурунку директору Тургунбаев Абдраим Исакович өз каалоосу менен кызматтан кеткен эле.

Маданият, маалымат жана туризм министри болуп турганда Түгөлбай Казаков музейдин башкы директорлугуна 26 жаштагы ырчы Самара Каримованы башкы директор кылып дайындаганы тууралуу 28-июлда маалым болгон. Бирок көп узабай ырчы бул кызматтан баш тартканын жарыялаган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жетекчилигинен Түгөлбай Казаков өзү жазган арыздын негизинде 28-октябрда бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×