Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

Фото - Таластыктар митингге чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 29-октябрда Талас шаарында чогулган митингчилер саат 15:40 чамасында тарап кетишти. Аймактык кабарчы билдиргендей, алгач алар өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдына чогулуп, андан кийин жыйын А.Огомбаев атындагы музыкалык мектептин алдында улантылды.

Анда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган Абыке-Көбөш тууралуу маалыматтарга байланышкан пикирлер жана кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу айтылды. Өздөрүнүн талаптарын айткан митингчилер 3-ноябрда кайрадан чогулууну демилгелеп, андан кийин тарап кетишти.

Митинг учурунда мамлекеттик кызматтардын жетекчилеринен ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Чолпон Төрөкулов, Талас ОИИБдин башчысы Ильяс Касымбаев болду. Ошондой эле, Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков ошол аймакта жүрдү.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7278
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Spraved
03:47, 30 октября 2017
Акипресс переделайте заголовок )

Таласта куз келип койлор жайлоолордон тушуп шаарды каптап кетти.

Таласта куз келип койлор жайлоолордон тушуп, алгач алар өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдына чогулуп, андан кийин жыйын А.Огомбаев атындагы музыкалык мектептин алдын каптап кетишти.

Эл-журттан сураныч, койлорунарды уйунорго алып барып, чоп салып, сарайынарга камагыла )))
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×