Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Видео, фото - Нарында кесиптешинин огунан каза болгон милиция кызматкери бүгүн жерге берилди

Turmush -  Нарын шаарында кесиптешинин огунан каза болгон милиция кызматкери Адилет Жолдошбек уулу бүгүн, 27-октябрда жерге берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы кабарлады.

Маалым болгондой, милиция кызматкерин акыркы сапарга узатуу иш-чарасына ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, Нарын ОИИБдин башчысы Нурлан Сарчаев, милиция кызматкерлери жана каза болгон Адилеттин жакын туугандары катышты. Маркумду жерге берүү алдында эскерүү митинг-реквием өттү.

Буга чейин Turmush басылмасына Нарын шаарында 25-октябрда ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын кызматкери кокустан кесиптешин атып алгандыгы маалымдалган.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Нарын ШИИБдин курал сактоочу бөлмөсүндө ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын 1991-жылы туулган кызматкери, милициянын улук сержанты М.Н. 25-октябрда саат 18:15 чамасында Макаров тапанчасын өткөрүп жаткан учурда кокусунан кесиптеши — милициянын старшинасы Жолдошбек уулу Адилетти көздөй ок чыгарган.

ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, ок милиционер куралды карап жаткан учурда атылган. Атылган ок кесиптешинин төшүнө тийип, анын кесепетинен жабырлануучу көп узабай ошол жерде көз жумган. Эки кызматкер тең ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Нарындагы башкармалыгында эмгектенип жатышкан. Алар окуя болгон учурда кызматтан кийин курал-жарактарды тапшыруу үчүн куралдар сакталуучу бөлмөдө турушкан эле.

Учурда тергөө жана териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Окуя болгон жерге ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев менен ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жөнөтүлүп, фактыга байланыштуу объективдүү кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасы берилди. Анын жыйынтыгы менен бул окуяга жол берген жетекчиликтин дагы жоопкерчилиги каралып, эң катаал дисциплинардык жаза берилет.

Ички иштер министрлигинин жалпы жамааты көз жумган кызматкеринин жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Маркумдун туугандарынын айтымында, Адилет Жолдошбек уулу үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

IMG-20171026-WA0004

«Былтыр сентябрдан тарта милиция кызматкери болуп иштеп баштаган. Үйүндө 3 эркек бар, ал үйдүн улуусу. Кичи пейил, сыйчыл, жөнөкөй жигит эле. Жаңы куруп жаткан үйүн күзүндө бүтүрүп, үйлөнөм деп жаткан. Ал эми, атасы 2007-жылы 40 жашында кайтыш болгон», - деди маркумдун туугандары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11040
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×