Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баракелде

Бишкекте бычакталган милиционердин сүрөтү: Уларбек үйлөнүү тойго даярданып жаткан

Turmush -  Бүгүн, 26-октябрга караган түнү Бишкек шаарында белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн милиция кызматкеринин өздүгү такталды. Ал — милициянын 25 жаштагы улук лейтенанты Майрамбеков Уларбек Уланбекович.

Уларбек Биринчи май РИИБдин Криминалдык милиция кызматында эмгектенип жаткан.

АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, У.Майрамбеков окуядан бир күн мурун өндүрүштөгү материалдарды жана куралын тапшырып, эмгек өргүүгө чыгуу тууралуу рапорт жазган. Ал уруксат сураганын үйлөнүү тойго даярданып жатканы менен түшүндүргөн эле.

У.Майрамбеков

Акыркы күнү Уларбек жумуштан чыккандан кийин кесиптешинен унаасы менен Бишкектеги кесилиштердин бирине жеткирип коюуну суранган. Кийинчерээк анын бычакталган жансыз денеси табылган.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда ыкчам жана тыкыр тергөө иштери жүрүп жатат.

Биринчи май РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкери, милициянын лейтенанты Майрамбеков Уларбек Уланбекович 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында төрөлгөн. 2014-жылы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Академиясын аяктап келип, ошол жылдан тарта ички иштер органдарында эмгектенип жаткан. Эмгек жолун аймактык милициянын инспектору болуп баштаган эле.

У.Майрамбековдун денеси эртең, 27-октябрда өзүнүн Масы айылында жерге берилет.

Бишкек ШИИБдин жалпы жамааты, жетекчилиги жана ардагерлер У.Майрамбеков жоопкерчиликтүү, кең пейил жана ак ниет кызмат кылганын белгилеп, үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Уларбек Майрамбековдун бычакталган денеси Н.Исанов менен Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен табылган. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 24919
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×