Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 23.10.2017 17:07 На русском

Фото - 3 эм төрөгөн Канышай 300 миң сом сүйүнчү алды

Turmush -  Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 3 эм төрөгөн Таалай кызы Канышай бүгүн, 23-октябрда балдары менен үйүнө чыгарылды. Ымыркайларга чоң атасы менен чоң энеси Адил, Адел жана Алия деген ысымдарды ыйгарышты, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ымыркайлар Чолпон-Атадагы оорукананын төрөт бөлүмүндө 4-октябрда төрөлүп, кийинчерээк Караколдогу төрөтканага которулган болчу. Үч эмге өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин атынан 300 миң сом берилди.  

Айына жетпей төрөлгөн ымыркайлар (кыздардын бири 1,9 кг, экинчиси 1,965 кг, уулу 1,6 кг салмакта) 22 жаштагы Таалай кызы Канышайдын биринчи төрөтү. Канышай 25 жаштагы жолдошу Искен Койгелдиев менен Чолпон-Ата шаарында турушат. Жубайлар мындан бир жыл мурун баш кошушкан. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×