Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Баракелде! Кыргызстандык Айбек 25 жашында Дубайдагы чоң ресторанда тим-лидер болду (фото)

Turmush -  Ийгиликтүү адамдар талбай эмгектенүүнүн жыйынтыгында сөзсүз чоң жеңиш турганын белгилеп айтышат. Адамды дагы эмгек жаратканын мектеп партасынан тарта уксаңыз керек. Бүгүнкү күндө өз аракети, күчү менен чоң иштерди жасап, коомго пайда келтирип, өлкөбүздө жана чет өлкөлөрдө үлгү болуучу мекендештерибиздин, жаштардын көбөйүп жатканы сүйүндүрөт.

Бул жолу Turmush басылмасынын кабарчысы мекендештерге, жаштарга үлгү болуучу Айбек Зулкаровдун өз күчү менен жетишкен ийгилиги тууралуу баяндайт. 25 жаштагы Айбек учурда Дубай шаарындагы чоң ресторандардын биринде тим-лидерлик кызматты аркалап жатат. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөгөн мекендешибизди бул тепкичке жетекчилиги терең ишеним менен чыгарган.

Анын чет өлкөдө эмгектенүү, жаңы дүйнө менен таанышуу кыялы бала кезинде эле жаралган. Балалыгы Таласта өткөн Айбек орто мектепти Чолпон-Ата шаарында аяктап, мугалиминин демилгеси менен англис тилин эрте үйрөнүп баштаган. Мектептен кийин Бишкек финансы-экономикалык техникумунда билим алып, бирок чет өлкөгө чыгуу планы өзгөргөн эмес. Анын бул максатынын ишке ашуусуна Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү менен борбордо өткөн маектешүү жол ачканын айтып берди. Маектешүүдөн кийин аны жактырган ишкерлер Дубай шаарында кызматташууну сунуштап, 2014-жылдын февраль айында сапар алган.

Албетте, Айбек үчүн дүйнөдөгү токтоосуз өнүгүп жаткан шаарлардын катарын толуктаган Дубай шаарынын жашоосуна көнүү, маданиятын түшүнүү алгачкы айларда оңой болгон жок.

«Алгач супервайзер, андан кийин ресторанда официант болуп эмгектендим. Андан кийин жетекчиликтин сунушу менен тим-лидер болуп дайындалдым. Эс алуучуларга, меймандарга кызмат көрсөткөн 10 чакты кызматкерди көзөмөлдөп, биздин ресторанга келген меймандарга байланыштуу ар кандай көйгөйлөрдү чечүү менин милдетим. Жумуш кырдаалга жараша 8, 10 саатка, кээде 12 саатка созулат. Жумушта биз үчүн жакшы шарттар түзүлгөн», - деди Айбек.

Мекендешибиз Бириккен Араб Эмираттарындагы башкаруу системасынан өзгөчө таасирленгенин кошумчалады.

Учурда Айбектин бир тууган агасы Талас облусунда үй-бүлөсү менен жашайт. Мекендешибиз эмгек өргүү учурунда мекенине келип, сагынычын таратып кетет. Ал эми, эс алуу күндөрү Дубай шаарындагы кыргызстандык жарандар жолугушуу уюштуруп, айрым учурда футбол ойноп турушат. Алардын жолугушуусу баштан-аяк кыргыз тилинде өтөт.

Сүйлөгөн сөзү жана жасаган иши менен кичи пейил, жөнөкөй, жоопкерчиликтүү, эмгекчил мүнөздөрүн жана патриот экенин көрсөткөн Айбекке ийгиликтерди каалайбыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 18015
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
MVD01
13:24, 23 октября 2017
Эркек я поздравляю красавчик мужик делай коз как дед мароз!!!
Көп окулду
×