Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Фото - Памирден келген этникалык кыргыз Жанбүбү көз жарды

Turmush -  Бүгүн, 21-октябрда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова көз жарган этникалык кыргыз Жанбүбү Маматзайым кызынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жанбүбү Маматзайым кызы бүгүн, 21-октябрда уул төрөгөн. Вице-премьер Ч.Султанбекова эне жана баланын ден соолугунун абалы менен таанышып, Жанбүбү Маматзайым кызын куттуктады.

Ал эми Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин айтымында, Жанбүбү Маматзайым кызы уул төрөп, учурда ымыркай кайра жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. «6 сааттан кийин баланы толук текшерүүдөн өткөрөбүз. Ымыркайдын абалы туруктуу», - деди ал.

Буга чейин Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов жетектеген мамлекеттик кызматкерлер 19-октябрда этникалык кыргыздардын эркектерине ак калпак кийгизип, кыз-келиндерге жоолук салып куттукташканы маалымдалган. Жолугушуу учурунда А.Кайыпов алардын Кыргызстанга аман-эсен келишкенин жана жакынкы убакта жергиликтүү маданият менен жакындан тааныштыруу иштери жүргүзүлө турганын билдирди.

Этникалык кыргыздардын атынан сүйлөгөн Абдырасул уулу Абдыкапар ден соолуктарына кам көрүп, балдарынын билим алуусуна бардык шарттарды түзүп жаткан өкмөткө, жергиликтүү бийликке ыраазычылыгын билдирди.

Медициналык кызматкерлердин айтымында, бийик тоолуу шартта, деңиз деңгээлинен 4000-5000 метр бийиктикте жашаган памирлик кыргыздарда жүрөк-кан тамыр оорулары көп кездешүүдө. Бирок жугуштуу илдеттер жокко эсе.

«Азыркы учурда аялдардын ден соолуктары текшерилип жатат. Ал эми 38 жаштагы кош бойлуу келин жылдын аягына чейин көз жарып калат», - деди медицина кызматкерлери.

Ушул жылдын 13-октябрында саат 20:30 чамасында этникалык кыргыздар Нарын шаарына келишкен. Аларды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар кубануу менен салтанаттуу түрдө тосуп алышкан.

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар. 2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.

Аталган аймакта жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында өкмөттүк экспедиция тарабынан 7 млн сомго ылайыкталган 60 тоннадан ашык өлчөмдөгү гуманитардык жардам толугу менен жеткирилди. Алардын катарын дары каражаттары, азык-түлүк, кийим-кече, жууркан жана башкалар толуктайт.

Тема боюнча:

13.10.2016Фото - Памирлик кыргыздар көчүп-конуп жашашат, ошондуктан алардын так санын билүүгө мүмкүн эмес, - Т.Жуманов
26.12.2016Памирлик кыргыздар көчүп келүүнү кааласа Чоң-Алайдан 20 гектар жер бөлүнөт
03.10.2017Памирлик кыргыздар Нарынга келгенден кийин атайын окуудан өтүшөт (фото)
12.10.2017Нарынга эртең памирлик кыргыздар келет
13.10.2017Фото — Кыргызстанга келген памирлик кыргыздардын 6 үй-бүлөсү Нарынга жайгашат
14.10.2017Видео, фото: Памирлик кыргыздарды алып келүүдө бийлик тараптан тоскоолдуктар болду, - вице-премьер-министр
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 20067
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Maral6
20:12, 21 октября 2017
Здоровья маме и малышу, хорошая новость.
Нет аватара
Spraved
19:33, 21 октября 2017
Timur5
Кыргызский язык учи умничать этпей, тогда и будет как "коз жарды"
Нет аватара
Timur5
18:20, 21 октября 2017
Тьфу ты...что идиотический оборот коз жарды... читается...как жумду... блин идиоты окультуренные тороду деп эле койгула...
Көп окулду
×