Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 20.10.2017 14:02

Кара-Балтада 14 жаштагы кыз 5-кабаттан секирип каза болду (толукталды)

Turmush -  Кара-Балта шаарында 14 жаштагы кыз өз өмүрүнө кол салып каза болду. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 18-октябрь күнү өспүрүм кыз 5-кабаттагы батирдин балконунан секирип кеткен. Анын өз өмүрүн кыюусуна таежеси экөөнүн урушу себеп болгон.

Тургундар белгилегендей, каза болгон кыздын ата-энеси чет өлкөдө иштешет. Ал эми кыз Макаренко атындагы №10 лицейде окуп жана туугандары менен жашап жаткан.

Кийинчерээк лицейдин директору Эмил Бердыбаев окуя 18-октябрь күнү саат 21:00дөр чамасында болгонун билдирди. Анын айтымында, өспүрүм кыз таенеси, эжеси жана байкеси менен жашап жаткан. Ж.Жибек 2003-жылы Талас облусунда төрөлүп, 2014-жылдан бери аталган лицейде билим алып келген.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны менен бирге окуган окуучулардан маалымат алды. Turmush басылмасына маалым болгондой, 14 жаштагы кыздын ата-энеси ажырашып кеткен, учурда анын апасы Түркияда иштесе, атасы Орусияда эмгектенет.

Алгач Жибектин өз өмүрүн кыюусуна таежеси экөөнүн урушу себеп болгону айтылган. Бирок кийин өспүрүм кыз таежеси эмес, улуу эжеси — 10-класстын окуучусу менен урушкандыгы аныктылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×