Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
15.10.2017 10:48

Камаганбыз жана камай беребиз, - А.Атамбаев бийликти басып алууга аракет кылуу тууралуу

Turmush -  Эгерде кимдир бирөө бийликти басып алууга аракет кылса бийлик кандай  реакция кылат деген суроого жооп берип жатып, президент Алмазбек Атамбаев: «Камаганбыз жана камай беребиз», - деп билдирди.

Ал мурунку депутат баш аламандык уюштурууга шектелип кечээ кечинде кармалганын белгиледи.

«Мурунку депутат, куралдарды жеткирип турган адам  өлкөлөрдүн биринин атайын кызматтарында иштеген. Кайталап кетейин, камаганбыз жана камай беребиз. Ар кимиси өзү каалаган нерселерди жасай берген убакыт өткөн», - деди президент.

Ошондой эле, өлкө башчы шайлоо күнү ал үчүн майрам экенин белгилеп: «Таза шайлоо өткөрүү үчүн канча жыл жана ден соолугумду да жумшадым. Ким утаарын жана канча тур боло турганын эч ким билбейт. Бул бизде таза шайлоо жүрүп жаткандыгынан кабар берет», - деп кошумчалады.

Буга чейин УКМК тарабынан президенттик шайлоодон кийин баш аламандык уюштуруп, административдик имараттарды басып алууга даярданууга шектелген мурдагы депутат кармалгандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×