Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 14.10.2017 09:47 На русском

Видео, фото: Памирлик кыргыздарды алып келүүдө бийлик тараптан тоскоолдуктар болду, - вице-премьер-министр

Turmush -  Ооганстан Ислам Республикасындагы Кичи жана Чоң Памирден этникалык кыргыздардын 17 баласы менен бирге алардын ата-энелерин жана жакын туугандарын алып келүү бир топ тоскоолдуктарды жаратты. Бул тууралуу кечээ, 13-октябрда Нарын шаарында өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргыз Республикасы менен Ооганстан Ислам Республикасынын ортосунда этникалык кыргыздардын балдарын Кыргызстанга алып келип окутуу боюнча меморандум түзүлгөн.

«Памирлик кыргыздарды көчүрүп келди деген сөздөр болуп жатыптыр. Биз аларды көчүрүп эмес, этникалык кыргыздардын балдарын бул жерге алып келип, билим жана тарбия берүү маселесин коюп жатабыз. Туура түшүнсөңүздөр деп сиздерден суранат элек.

Туугандарыбызды Кыргызстанга алып келүүдө бир топ кыйынчылыктар болду. Алгач Кабул шаарындагы Коопсуздук кеңеши "Кыргызстан менен Ооганстандын ортосунда түзүлгөн меморандумду тааныбайбыз, биз балдарды окууга жибербейбиз" деп айтышты. Андан соң биз Сапар Жумакадыровичке бул маселени билдирдик. Ал кишинин сүйлөшүүсүнөн кийин бизге Коопсуздук кеңештен "балдарды окууга алып кете берсеңер болот" деген жооп болду. Өзүңөр билгендей, ал жерде дагы чоң саясат бар», - деди ал.

Памирден келген 6 үй-бүлө кечээ, 13-октябрда саат 20:30 чамасында Нарын шаарына жетишти. Аларды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар кубануу менен салтанаттуу түрдө тосуп алышты, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

12-октябрда Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарына жетип, ошол жерде түнөгөн этникалык кыргыздар эми Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 10 күн бою медициналык кароодон өтүшөт. Андан кийин Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырылып, балдар билим алса, чоңдору атайын ийримдерге катышат. Учурда кесиптик лицей толук түрдө памирлик кыргыздарды кабыл алууга даяр болгон. Ал эми, баардык чыгымдар мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар.

2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.

Аталган аймакта жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында өкмөттүк экспедиция тарабынан 7 млн сомго ылайыкталган 60 тоннадан ашык өлчөмдөгү гуманитардык жардам толугу менен жеткирилди. Алардын катарын дары каражаттары, азык-түлүк, кийим-кече, жууркан жана башкалар толуктайт.

Буга чейин социалдык тармактарда француз сүрөтчүсү Матье Палей жана анын жубайы Марейле Палей тарабынан тартылган памирлик кыргыздардын сүрөттөрү тараган.

Памир кыргыздарынын сүрөттөрү менен «Памир» аталышындагы китеп 2012-жылы франциялык La Martiniere басылмасы тарабынан жарык көргөн.

Этникалык кыргыздар жашаган Кичи Памирдин алыскы райондоруна Батыштан коноктор акыркы жолу 1972-жылы барышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×