Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Кара-Сууда унаа сүзүп кеткен аял көз жумду

Turmush -  Бүгүн, 13-октябрга караган түнү Бишкек—Ош унаа жолунун 633-чакырымындагы Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында унаа сүзүп кеткен аял каза болду. Жабырлануучу — райондун Савай айылынын 1952-жылы туулган тургуну А.Г. ооруканага жетпей көз жумган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1968-жылы туулган айдоочу Э.А. өзүнүн «Фольксваген Гольф-3» унаасын мас абалда башкарып жүргөн. Ош облустук Патрулдук милициясынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатканы маалымдалды.


унаа

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 810
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×