Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.10.2017 15:06

Ысык-Көлдүн тескей жээгине велосипед жүрүүчү жол куруу демилгеленди

Turmush -  Ысык-Көл облусунун тескей жээгине велосипед жүрүүчү жол дагы куруу демилгеленүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков караколдук студенттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

С.Исаковдун айтымында, Ысык-Көл облусунда учурда айлампа жол жасалууда. Анын тескей жээк тарабына (Каракол—Жети-Өгүз, Тоң—Балыкчы тарабына) велосипед жүрүүчү жол куруу да каралган. Бул маселе боюнча ал өкмөттүн өкүлү У.Жылкыбаев менен да сүйлөшкөнүн белгиледи.

«Эгер велосипед жүрүүчү жол куруп алсак, эл аралык веложарыштарды уюштурууга шарт түзүлмөк», - деди ал.

Ошондой эле, өкүл шаарда Кыдыр-Аке, Токтогул көчөлөрү жасалып жаткандыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×