Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөрдүн ысык тамагына 150 миң сом бөлүндү (фото)

Turmush -  Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол», «Ак-Тилек» жана «Чалдовар» көзөмөл-өткөрүү пункттарында кезек күтүп турган жарандар үчүн өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Бактыбек Кудайбергенов жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом каражат бөлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облус башчысынын орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

«Биз чек арада турган жарандарга 150 миң сомго ысык тамак уюштуруп жатабыз. Ошондой эле, ал жерге Чүй облусунан барган медицина кызматкерлери атайын жабдыктары менен абалды кѳзѳмѳлдѳшүүдѳ. Жылуу чатырларды тигип, мештерди орноттук.

Медицина кызматкерлеринин айтуусунда, жарандардын арасынан ден соолугунан оор абалга туш болгондор жок. Бул жерден жергиликтүү бийлик ѳкүлдѳрү, айыл ѳкмѳттѳр дагы күнү-түнү кабар алып жүрүшѳт», - деди ал.

 Тема боюнча: Фото - ӨКМ кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөрдү тамактандырды

АКИ-ТV: Кыргыз-казак чек арасынан фоторепортаж

Фото - Кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдовар унаа жолу» пунктундагы абал

Казак тарап кечинде адамдарды өткөрүп, эртең менен кайрадан жайлап калды, - Чек ара кызматы

Кыргызстан менен болгон чек арада пландык операция жүргүзүлүп жатат, - Казакстан

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 353
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×