Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото - Ошто мурунку мэрдин окуучу уулуна менчикке берилген парк оңдолгондон кийин ачылды

Turmush -  Ош шаарында оңдоо иштеринен кийин кезектеги эс алуучу бак пайдаланууга берилди. Бүгүнкү ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, вице-мэр Асылбек Топчубаев, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

А.Кадырбаевдин айтымында, бүгүн эшигин ачкан «Жибек жолу» эс алуу багы мурдагы мэрдин мектепте окуп жаткан уулунун менчигине өтүп кеткен.

«Ош шаарынын тургундары бул жайдын тарыхын жакшы билет. Бир убакта мурдагы мэрдин мектепте окуган баласынын менчигине өтүп кеткен эле. Бул эс алуу багы СССР тарагандан бери оңдоло элек болчу. Эми кайрадан реконструкцияланып, пайдаланууга берилүүдө», - деди шаар мэри.

Эс алуу жайы Ккытайлык инвесторлор менен биргеликте курулган.

«Биз 3 жылда 10 эс алуу багын пайдаланууга берүүгө жетиштик», - деди Айгүл Наватова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1582
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×