Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Премьер-министр караколдук студенттердин суроолоруна жооп берди (фото)

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков  Каракол шаарында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик окуу жайынын студенттери, мугалимдери менен жолугушту, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жолугушууда алгач өкмөт башчы өз сөзүн маркум Темир Жумакадыровду эскерүү менен баштап, бир мүнөттүк эскерүү жарыялады. Ал маркумдун жасаган иштерине токтолуп, «Таза коом» долбоору анын элесине арналарын белгиледи. Катышуучуларга «Таза коом» программасы боюнча кыскача видеотасма көрсөтүлүп, анын башкы максаты паракорчулукту жоюп, таза коом түзүү экени айтылды.

«Премьер-министр болгондон бери аймактардагы окуу жайлардын студенттери менен жолугуп жатам. Жаштар — өлкөнүн келечеги. Мен жаштар сунуштаган идеяларды угуп, аны ишке ашырууга аракет кылып жатам», - деди ал.

Ошондой эле, премьер-министр мугалимдердин жана студенттердин суроолоруна жооп берди. Көбүнчө Кыргыз-орус фондундагы күрөө маселеси, күндүн нурунан жана шамалдан энергия алуу маселелери жана Каракол шаарынын инфраструктурасын жакшыруу, билим тармагындагы көйгөйлөр боюнча бир катар суроолор берилди. Жолугушууга экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров, өкмөттүн облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев да катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 715
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×