Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Чүй

Ысык-аталык киши сексуалдык талаптарын аткарбаган аялын сабады

Turmush -  Аялын сабаганы үчүн айыпталып, кылмыш иш козголгон У.У. Чүйдөгү Ысык-Ата райондук сотунун өкүмүн укту. Чечүүчү отурум 2017-жылдын 27-сентябрында өткөн.

Тергөө иштери менен белгилүү болгондой, жубайлардын ортосунда 2017-жылдын 6-июнунда саат 22:00 чамасында жаңжал чыгып, айыпталуучу аялын бир нече жолу башына жана бетине урган. Ошондой эле, отурумда айыпталуучу окуя тууралуу айтып берди.

Ошол күнү ал жубайы Р.Х. менен уруша кетип, үйүнөн эшикке чыгып бара жаткан. Ошол учурда Р.Х. ага карата гүл салынып турган карапаны ыргыткан. Ага ачууланган айыпкер аялына кол көтөргөн. Ал бул окуяга өкүнүп жатканын, бирок аялы менен кайрадан жарашууну каалабай турганын айтып, мыйзам боюнча чечим чугарууну суранды.

Жабырлануучу Р.Х. айткан маалымат боюнча, мыйзамдуу жолдошу У.У. менен 3 баланын ата-энеси болушкан. Алар учурда өспүрүм куракта.

Анын айтымында, 6-июнда болгон окуя алардын үй-бүлөсүндө биринчи жолкусу эмес. Мындай көрүнүштөр мурун да болуп турганын жана күйөөсүнүн сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо тууралуу талаптары себеп болгонун кошумчалаган.

Отурумдун жыйынтыгында айыпталуучу У.У. күнөөлүү деп табылып, 5 миң сом өлчөмүндө акчалай айып салынды. Ошондой эле, У.У. жабырлануучуга 7 миң 192 сом өлчөмүндө моралдык чыгым жана 10 миң сом материалдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4590
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×