Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Нарын

Байзактыктар Көлмөдөгү менчикке чыккан балдар лагерин мамлекетке кайтарууну суранышууда (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айыл аймагынын тургундары убагында «Ленин» колхозуна тиешелүү болгон Көлмө жайлоосундагы менчикке чыгып кеткен балдар лагерин мамлекетке кайтаруу керектигин айтышууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алардын айтымына караганда, аталган жайлоого союз учурунда Жумгал райондук элге билим берүү бөлүмү тарабынан балдар эс ала турган атайын лагерь курулган. Бирок учурда аталган лагерь талкаланып, айланасындагы карагайлар кыйроого учураган. Кийин лагерь кароосуз калып, Байзак айылынын тургуну Таалай Исмаиловго 2008-2010-жылдары өкмөттүн токтому менен мыйзамдуу түрдө менчикке өткөн. Андан соң айыл жаштарынын карамагында көзөмөлдөнүп турган. Балдар лагерин иштетүүгө атайын долбоорлор сунушталып, бирок долбоорлор ишке ашпай калган соң ушул эле айылдын тургуну Жакып Абдыкадыровго ишеним кат аркылуу иштетип турууга берилген. Андан 2-3 жылдан кийин учурдагы эл өкүлүнүн жубайынын карамагына менчиктештирилип кеткен.

«Азыр райондо балдарыбыз эс ала турган бир лагерь жок. Ошол жай балдарга ыңгайлуу болчу. Азыр жайлообуз, карагайларыбыз талкаланып жатат. Жайлообуз турат, бирок лагерди кайра кайтара албай келебиз. Ушул мезгилде лагерде мал багылып, ал жерге короо, сарайлар курулуп калды. Райондук токой чарбасынын жерлери кыйроого учурап жатат. Көзөмөлдөгөн адам жок. Азыр лагерди кайра өкмөткө алып, кайра мурункудай иштетсек болобу?», - деди айыл тургуну Кубат Төлөшов.

Ал эми, лагердин мурдагы ээси Таалай Исмаилов аны райондун жетекчисинин мажбурлоосу менен сатууга барган.

«Бул лагерди эле эмес, ошол мезгилдери эски имараттарды, Орто-Саз аймагындагы сарайларды, техникаларды райондун жетекчилери бөлүп алышкан. Ал кезде лагерге баруучу жол жок, ал талкаланбай турган экен. Мен районго барып лагердин таламын талашып отуруп, ага барчу жолдорду жасаганбыз. Ал лагерди талкаланып жаткан мүлктөрдү менчиктештирүү деген токтомдун негизинде менчикке чыгарып алгам. 5 жыл долбоор тартуу менен калыбына келтирүүгө аракет кылдым. Долбоор тартылбай калып бош турган. Кийин ал жайга эс алуучулар, кийик аткандар барып кышкысын от жагып коопсуздукту күчөтүшкөн. Мындан улам мен иштетип турайын дегенинен айыл тургуну Жакып Абдыкадыровго кеткен чыгымымды алып, ишеним кат менен гана бергем. Бирок ал 2-3 жылдан кийин Жогорку Кеңештин депутаты А.Кулбараковго сатып жибериптир. Ошондон бери эл өкүлү ээлик кылып жүрөт», - деди Т.Исмаилов.

Ал ошол кезде райондо Эламан Акиев аким болуп турганда, лагерь болгону 3 миң долларга бааланганын кошумчалады.

Айыл тургундары аталган жайлоо учурда кароосуз калып, карагайлар талкаланып баштаганын айтышты. Ошондой эле, алар балдар лагери мал бага турган сарайга айланганына нааразы болушту.

Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Насыбаалы уулу лагерь боюнча толук маалымат билбей тургандыгын айтып, тактай турганын билдирди. Ал эми, Жумгал райондук токой чарбасынын башчысы Бердибек Самудинов аталган лагерден ижарага короо, сарай салуу үчүн жер тилкесин бөлүп бергенине токтолду.

«Депутат А.Кулбараков ээлик кылган балдар лагери турган жер бизге карайт. Үстүндөгү курулуштары Айыл чарба профсоюз райкомунуку болчу. Мунун баары кароосуз калып, "Ленин" колхозуна өткөрүлүп берилген. Бул колхоздон Т.Исмаилов сатып алып, кийин депутат алган экен. Эми биздин күнөөбүз — ал жерди иреттеп койгон А.Кулбараковго келишим менен жерди бергенбиз. Убагында менчикке ошол лагерь жери менен кошо берилген. Айланасы токой, анын ары жагында суу жээкке салынган сарайдын жери 5 жылга келишим менен берилген», - деди Б.Самудинов.

Аймактык кабарчы бул маселе боюнча эл өкүлү А.Кулбараков менен байланыша алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 666
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×